Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Нуржигит Кадырбеков: “Кумтөр Тенгиз Бөлтүрүктүн жеке хандыгы болуп калбасын...”

Нуржигит Кадырбеков: “Кумтөр Тенгиз Бөлтүрүктүн жеке хандыгы болуп калбасын...”

08-апрель, 09:00
1 044 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Нуржигит мырза, Кумтөр кени толугу менен Кыргызстандын карамагына өттү. Эми мурдагы катачылыктарды кайталабаш үчүн биз эмнелерди жасашыбыз керек деп ойлойсуз?

-- Кумтөр кени бизге өткөнү – бул бир маселе. Эми “ишти кантип алып кетебиз?” деген маселе турат. Канада бул жагынан тажрыйбасы чоң өлкө. Биз андан дагы чоң тажрыйба топтоп, жакшы кадрларды тандашыбыз керек. Таяке-жээн, «мунун көңүлүн, тигинин көңүлүн алып коёлу» деп отуруп бузуп албайлы. Экинчиси, алтын болгон жерге баары барат, кылмыш дүйнөсү да, коррупция дагы. Ушул жагынан байкаш керек. Үчүнчүсү, ишкана Тенгиз Бөлтүрүктүн жеке хандыгы болуп калбасы кажет. Кесипкөй, таза адамдардан түзүлгөн байкоочулар кеңеши карап турушу өтө маанилүү. Төртүнчүсү, бул мөңгүлөр. Мөңгүлөргө зыян келбеши керек. Аларды жоготуу – бир үй куруп, бир шаарды жоготкондой эле нерсе. Биздин эң негизги байлыгыыбыз – бул суу.

Анан дагы бир маселе, азыр тендерден көбүнөсе башкалар: казакстандыктар, монголиялыктар, түркиялыктар утуп атышыптыр. Тендерге атамекендик компаниялар катышмайынча, акча дагы деле сыртка чыгып кете берет.

Кумтөрдөн башка да бизде көп кендер бар. Алардын арасында келишим биз үлүш албай тургандай түзүлүп калгандары бар экен. Ошолорду инвентаризация кылып, кайра карап чыгыш керек. Ал биздин байлык болсо, каалагандар казып кетип, күнүн көрө береби? Өзүбүз иштетебизби, башкалар иштетеби, жок дегенде 30 пайызы Кыргызстанда кала тургандай кылуубуз зарыл. Эң башкысы, балдарды даярдап, жакшы система куруп алып, өзүбүз иштетсек жакшы болот эле.

-- Депутат Токторбаев айтты окшойт, отуз жылдын ичинде 410 тоннадай алтыныбыз сыртка чыгып кетиптир. Бул байлык биз үчүн эми кайрылгыс болуп кеттиби?

-- Бул жерде канадалыктардын деле күнөөсү жок. “Кыргыздын эң чоң душманы кыргыз өзү” деген сөз туура окшойт. Жол ачып берген деле өзүбүз, “шапкесин” алып, коррупцияга аралашкандар деле өзүбүз. Ошонун акыбети болуп атат да. Эми өткөн ишке салабат. “Бир ийинден жыланга эки жолу чактырба” деген сөз бар. Бир жолу ката кетирдикпи, эми аны кайра кайталасак кечиримсиз болот. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер