Акыркы кабарлар
21:02
» Саясат » Мурдагы ТИМдин имаратына көчкөн мамлекеттик каттоо кызматында ыраатсыздык уланууда
Мурдагы ТИМдин имаратына көчкөн мамлекеттик каттоо кызматында ыраатсыздык уланууда
25-апрель, 23:30

Таңгаласың. Мамлекеттик каттоо кызматы мурдагы ТИМдин имаратына көчкөнү ыраатсыздык орун алууда. Элди тейлөө ойдогудай эмес, кардарларды кабыл алуу кабиналары жетишсиз. Кезекке тургандар арбын, кадимки кыргызбайчылык, баягы эле чайналуу. Азыркы имаратка караганда, мамлекеттик каттоонун эски мекемесинде шарт бар болчу. Үй саткандар, же сатып алгандар бир саатка чейин иштерин бүтүрүп кетишчү. А бүгүнкү күндү алсак, кезегиң келбей керээли-кечке жүрүп, шайың оойт экен. Элди кыйнабай тейлөөнү жакшыртыш керек да. Өкмөт көңүл буруп, кем-карчын чечүүгө киришип койбойбу? Качанкыга чейин кайдыгерликте жашайсыңар?
"Азия Ньюс" гезити