Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Беш жашында зордукталган Луиза жандүйнө жаракатын кантип жеңген?

Беш жашында зордукталган Луиза жандүйнө жаракатын кантип жеңген?

21-сентябрь, 01:20
675 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бул цитаталар жашооңду улантууга, атүгүл эң оор учурда да андан ары өмүр сүрүүгө жардам берет. Жандүйнөнүн жаракатын айыктыруу боюнча тренинг, курстар дал ушул принциптерге курулган. Алар Луиза Хейдин “Жашооңду айыктыр” аттуу китебинен алынып, бул философиянын чын эле таасирдүү экенинен кабар берет.

Качандыр бир кезде Луизанын жашоосу коркунучтуу түштөгүдөй болчу. Ал беш жашында зордукталып, он бешинде кош бойлуу болуп, он алтысында өз баласынан баш тартууга туура келген. Бирок анын жашоосун ойлор денени дарылай алат деген теория түп-тамырынан бери өзгөрткөн. Хей бул теорияны изилдеп, семинарларды өткөрө баштагандан тарта, өз жашоосуна тереңден үңүлөт. Атүгүл Хей рак дартына чалдыкканын билип, бул ооруга бала чагына болгон жек көрүүсү, зордукка кабылгандыгы, ташбоорлукка карата таарынычы себеп экенин аныктайт. Ал медицинадан баш тартып, жашоо образын толугу менен өзгөртөт; жакындарын кечирет, дарыланууну баштайт, туура тамактанууга киришет, эс алууга жана тазаланууга көңүл бурат.

Луизанын ою боюнча, өзүн өзү рактан так ушундай жол менен айыктырып алган. Андан сырткары, анын жашосуна гармония жана бакубатчылык келген.

Биз Луиза Хейдин китебинен ой жүгүртүү образын өзгөрткөн жана кардарларын кайрадан өзүнө ишенүүгө жана жашоосун өзгөртүүдө дүйнө жүзүндөгү психологдор колдонгон цитаталарды тандап алдык.

***

Бизди азапка салган адамдар да так эле сиздей болуп үрөйлөрү учкан абалда болушкан.

***

Биздеги ынанымдарды бала чагыбызда түптөйбүз да, анан жашообузда ошо ынанымдарга ылайыкталган кырдаалдарды жаратуу менен алдыга жылабыз.

***

Өткөн өмүр биротоло кетти, бул факт. Бул жерден эч нерсе кыла албайбыз. Бирок, өткөн чагыбыз жөнүндөгү ойлорду өзгөртө алабыз. Качандыр бир кезде сизди таарынтып койгон кимдир бирөө үчүн азыркы тапта өзүңдү өзүң жазалоо болбогон нерсе.

***

Тандашыбыз керек: баардыгын коё берип, кечирүү, өзгөчө өзүбүздү. Мейли кантип кечирүүнү билбесек да, эң башкысы, каалоо күчтүү болуусу зарыл. Адам ооруп баштаганда эле кимди кечирүү керек экенин жүрөгүнөн издей башташы керек.

***

Өзүбүз тууралуу эмне ойлонсок, ал биз үчүн чындыкка айланат. Биздин ар бир оюбуз биздин келечекти жаратат.

***

Өзүңдү шыктандыруу жана кабыл алуу – жашообуздагы жакшы өзгөрүүлөрдүн ачкычы.

***

Өзүңдү сүйүү – демек, инсандыгыңдын бар экендиги жөнүндөгү фактыны майрамдоо жана Кудайга өмүрдү белек кылып бергенине ыраазы болуу.

***

Бергениңердин баарын кайра артка аласыңар.

***

Башка бирөөнү өзгөртүү үчүн алгач өзүң өзгөрүлүүң кажет. Ойлорубузду жаңылоо зарыл.  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер