Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мухамметкалый Абылгазиев ооруканага түштү

Мухамметкалый Абылгазиев ооруканага түштү

08-июнь, 12:01
941 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагында отурган мурдагы премьер-министр Мухамметкалый Абылгазиев ооруканага түштү.

Ал учурда Бишкектеги “Бикард жеке менчик бейтапканасында дарыланууда. Аталган медициналык мекемеден кабарлашкандай, Абылгазиев жүрөк кан тамыр ооруларын дарылап жатат. УКМК бул маалыматка комментарий бере элек.

Атайын кызмат мурдагы премьер-министрди “өкмөт башчы болуп турганда “Кумтөр Голд” ишканасына геологиялык чалгындоо жана алтын казуу иштерин жүргүзүүгө кошумча жер бөлүп берүүчү токтомго мыйзамды бузуу кол койгон” деп шек санап, 26-январда УКМКнын тергөө абагына киргизген.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту 21-майда анын бөгөт чарасын узартып, 26-июлга чейин камакта калтырган.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер