Министр Улан Ниязбековго сөз тийгизген Рафик Мамбеталиев этияттап жүрсө...


Өткөн жылы Чүй ОИИБ начальнигине Рафик Мамбеталиев өтпөй калып, бирок кызматка келүү аракетин токтотпой, жогорку төбөлдөргө киши салып, өзүнчө эле дүңүрөңдөп жатыптыр. “Милицияда чүйлүк кадрлар куугунтукталды” деп айтып жүргөнү кандай? Биздин байкашыбызга караганда, ИИМ орун басарлыгынан ылдыйкы кыматтарына чейин Сары Өзөндүн балдары жетиштүү деңгээлде эле иштеп атышыптыр. Министр Улан Ниязбеков аймактык балансты сактоо жагынан калыс саясат жүргүзгөнү, өзгө-жатка бөлбөгөнү белгилүү. Эң башкысы, таза, профессионал, кесипкөй кадрлардын иштөөсүнө шарт түзүүдө. Ал эми Рафик Мамбеталиев атайын эле кычаштык кылып, ар кай жерде интрига жасап, эптеп эле “майталканга” жетүүнү көздөп атса, анда жаңылышат. Кыскасы, алакандай кыргыз элин бөлүп-жарбай, жогорку төбөлдөргө сөз тийгизбей, этияттап жүрсө болбойбу?
"Азия Ньюс" гезити










