Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Башында эле Нурлан Дардановдун тажрыйбасыз, жарамсыз кадр экенин билдиргенбиз

Башында эле Нурлан Дардановдун тажрыйбасыз, жарамсыз кадр экенин билдиргенбиз

05-август, 15:51
405 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Талас облусунун губернаторлугуна Нурлан Дарданов 2023-жылдын март айында дайындалган. “Азия Ньюс” гезити ошондо эле бул кадрдын иштей албасын жазган эле. Кийин да бир катар материалдар чыгып, мурдагы прокурордун татыксыз экенин билдиргенбиз. Бирок, бир жарым жылдай майнапсыз жүрдү. Кечээ Нурлан Дардановду айыптоо менен кызматынан кетирди. Жумушундагы милдеттерин жетишсиз деңгээлде аткаргандыгы, ишенип берилген аймагында координациянын жоктугу жана уюштуруудагы кемчиликтери баса белгилениптир. Бул эми жумшактатып айтканда. А негизи Нурлан Дарданов жөн эле бийлик машинасына илээшип, жүрүп бараткандай түр көрсөтүп келди да. Мындай натыйжасыз, билим деңгээли жетишпеген губернаторлор дагы деле толтура. Бир облустун элин башкартуу үчүн эксперименттик ыкмаларды жасабай, кадрдын мурдагы баскан жолун, тажрыйбасын талдоодон өткөрүп, андан соң чечим кабыл алыш керек. Чала адистер айланып келип эле бийликти уяткарып салышат. Мисал, фактыларды көп эле көрүп атабыз. Андыктан, башка министрлерди, губернаторлорду да электен өткөрүп, эртелей чечим кабыл алуу шарт. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер