Айыкпаган дартка чалдыктым. “Аз калды...” дешти

Аялы менен күйөөсү чакан кофейняда көптөн бери мындай отура элек. Балдар, тиричилик, маселелер... Экөөнүн тең маанайы оор.
-- Фирманы сенин атыңа өткөрдүм, иштете аласың, - деди Кубат.
-- Мага кереги жок.
-- Балдарга керек.
-- А сенчи?
-- Москвага кетем.
Жамгыр жаап жатты. Кетейин деген аялына Кубат:
-- Жамгыр токтогонду күт, - деди.
Кофе алып келишти. Кубат аялын карап:
-- Сенин ишенимиң мага күчтүү эле, ошон үчүн ашык болгом. Жашоомдогу ар бир ийгилигимде колдооң сезилип турду. Жыгылганда тургуздуң, ишенимиң менен мени адам кылдың. Сага көп нерсе айта албай келгем, эми айткым келет.
Аялдын көзүнө жаш тегеренип:
-- Анда эмнеге мени таштап жатасың? - деди.
-- Мен сени эмес, жашоону таштап жатам, Айка. Айыкпаган дартка чалдыктым, “аз калды...” дешти. Сен оорубай, алга кете бер. Мен ушинтип ажырашууну чечтим. Бүт мүлктү сага өткөрдүм, балдарыбызда калсын. Себеби, сен мени жакшы түшүнүп, сүйүп, ишенген жалгыз адамсың...
Аял күйөөсүн кучактады. Бирок Кубат көзүн жумду – бул жолу ал ишенимди актай албай турганын сезип турду...
Айлин Д.
"Азия Ньюс" гезити