Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Адистер узак жашагандардын жакшы көргөн 5 азыгын аташты

Адистер узак жашагандардын жакшы көргөн 5 азыгын аташты

03-август, 11:48
785 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Эксперттер узак өмүр сүргөн адамдардын жакшы көргөн жана көп жеген азыктарын изилдеген.  

Окумуштуулар узак жашаган адамдар көпчүлүккө жеткиликтүү эле тамак-ашты жей турганын аныкташкан. Алардын бири фундук. Жаңгактын бул түрү мээге пайдалуу, Е жана В6 витаминдерине бай келет.

Адистер дан азыктары да абдан пайдалуу экенин айтууда. Алар ичеги-карындын иштөөсүн жакшыртып, кандагы канттын деңгээлин көзөмөлдөп, кан басымды жөнгө салат. Ошондой эле алар жүрөк ооруларына да пайдалуу.

"Банан да өмүрдү узарта турган азыктардын катарын толуктайт. Ал эс тутумду бекемдеп, тамак сиңирүүнү жакшыртып, организмди онкологиялык оорулардан коргоо касиетине ээ", — деп айтылат маалыматта.

Нокот да аталган азыктардын катарында. Анын курамында А, С, Е, К витаминдери, фосфор, калий, кальций, темир жана магний бар. Кара фасоль да өмүрдү узартышы ыктымал. Анткени ал клетчатка, В2, В3, В6, В9, фолий кычкылына, кальций, цинк, магнийге бай. Ошондой эле холестериндин деңгээлин азайтып, тамак сиңирүүнү жана ичеги-карындын иштөөсүн жакшыртат.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер