Кундузбек Сулайманов, ЖК депутаты: “Шаардагы тыгындардын баары темир жолдон улам болууда”


-- Кундузбек Кошалиевич, Бишкектеги темир жол бекетин шаардын сыртына көчүрүү боюнча сунуш айтылды. Бул канчалык деңгээлде ишке аша турган нерсе?
-- Темир жолдун шаардын сыртына чыкканы жакшы болот. Мисалы, мына автобекеттерди көчүрүп койдук. Тыгын биз аз да болсо азаят. Эми темир жол вокзалын, дегеле темир жолду шаардын сыртына чыгаруу зарыл. Калаадагы тыгындардын баары негизинен ошо темир жолдон улам болууда. Албетте, жеңил оокат жок дегендей, ар кандай иштин өз кыйынчылыгы бар. Бирок, адамдардын өмүрү үчүн, алардын убактысын үнөмдөө максатында кандай гана маселе болбосун чечиш керек. Ырас, каражат талап кыланат. Бирок, ар бир адам салыктарды убагында төлөсөк, салыкты жашырбасак, качпасак, ар кандай ишти жасаса болот да. Тоо кендердин баарын иштетип, экономиканы өнүктүрүү кажет. Кандай болгон күндө дагы бизде азыр унаанын саны көп. Эгер шаар 60-70 миң унаага эсептелген болсо, бизде андан 2-2,5 эсе көбөйүп кетти. Көчөлөрдү кеңейтели десек, архитектурасы бүт жасалып калган...
-- Ушундай болору эмнеге мурда эске алынган эмес деп ойлойсуз?
-- Мунун баары ошол убактагы кайдыгерликтен, биздин мурдагы, келечекти көрө билбеген, келечекти болжолдоп пландай албаган аткаминерлердин азабынан. Биз да оңолобуз, жакшы жашай баштайбыз, элдин, унаардын саны көбөйөт деп бүт баарын эсептеш керек эле...
"Азия Ньюс" гезити











