Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » АУЦАнын аброю түштү. Эндрю Качинс зөөкүрлүккө, баңгизатка айыпталды

АУЦАнын аброю түштү. Эндрю Качинс зөөкүрлүккө, баңгизатка айыпталды

01-май, 19:52
1 440 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Борбор Азиядагы Америка университетинин (БААУ – АУЦА) президенти Эндрю Качинстин ИИМге суракка чакырылганы коомчулукту дүңгүрөттү. Себеби, анын аты жазылып, окуу жайдын дарегине Дубайдан жөнөтүлгөн посылканын ичинен баңгизат чыкканын кандайча түшүнөбүз? Бул боюнча бажы кызматы, тергөө органдары кабарлашты. Мындан сырткары, кош бойлуу кызматкерине Эндрю этикадан сырт мамиле жасап, катуу урушуп, кансыратып таштаганы ЖМКларга жайылды. Дал ушул иштер боюнча кандай жазага тартылат? “Адалсынган молдонун үйүнөн алты камандын башы чыгыптыр” дегендей, АКШ элчиси Дональд Лу ар дайым жалаа жаап, Кыргызстандагы контрабанда, коррупция боюнча “жарнамалайт”. Мына эми өз адамынан психотроптук жана наркотикалык заттардын табылганына үн катпайбы? “Күлгөнгө күлө жетем” деп кыкеңдер бекер айтпайт эмеспи. Ошентип, АУЦАнын бедели түштү. Бул окуу жайда студенттерди “башкача тарбиялагандары”, өлкөбүздөгү туруктуулукту бузууга салым кошкондору жана митинг, пикеттерге аралашкандары жөн эмес го? Грант, кызылдай акча үчүн кызмат кылышкан бейөкмөтчүлөр, активисттер, айрым сайттар бар. Булар бузукулукту уланта беришеби? 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер