“Айыл чарба министрлиги аксап, дыйкандар өз алдынча арабасын тартууда”

-- Айыл чарба министрлиги дыйкандарга эмне эгүү керектигин, кандай жардам берерин алдын ала маалымдабаганы кандай? Дегеле бул тармактын өнүгүшүнө карата кеп-кеңешиңиз барбы?
Эсенгул Исаков, коомдук ишмер:
-- Министрлик экспортко чыга турган айыл чарба продукциясынын түрүн, көлөмүн билип, анан дыйкандар менен алдын ала келишим түзүп, сатып алуусун уюштуруп, аларга кайра тейлөө кызматы аркылуу тийешелүү милдетин кылып берүүсү керек. Бул эски союздун жакшы ыкмасы эле.
Демек, айыл чарба министрлиги жок дегенде биринчи ирет Бажы биримдигинин мамлекеттери жана Өзбекстан, Түркмөнстан менен келишим түзүүсү абзел. Ошондо канча эт, сүт азыктарын, жашылча-жемиштердин экспорттоо көлөмү билинет эле.
Ооба, министрлик мониторинг жүргүзүп келет, баардык маалыматы бар, бирок андан ары рыноктун сыртка чыгаруу механизмдерин практика жүзүндө түзбөй келишкени, дыйкан, фермерлер ар бири өз алдынча айласыздан "арабасын" тартууга мажбур.
Улан Качибеков, коомдук ишмер:
-- Көтөрүп жаткан маселең, сурооң айыл чарбасында эң маанилүү болуп эсептелет. Себеби, пландоо маселесинин тамыры, азык-түлүк программасынын коопсуздугу ушундан башталат. Бул маселени бир сөз менен кыска айтып түшүндүрүү мүмкүн эмес. Анүчүн министрликте мыкты, ишти билген адистердин тобунан түзүлгөн аналитикалык борбор болуш керек. Тилекке каршы, андай борбор эмес адистер да жок. СССР учурунда 488 колхоз-совхоз бар эле, ар биринде 3 миңден 7 миңге жакын гектар айдоо жерлери менен. Аларда жогорку билимдүү агроном, зоотехник, ветврач, гидротехник бар эле. Азыр болсо 400 миңден ашык майда жана орто дыйкан чарбаларды айтып жатышат, так жана канча чарба бар экенин өздөрү дагы билишпейт. Анан каяктагы координация жөнүндө сөз болмок эле? Специализацияны болсо кластер деп атап алышты. Айтор, чет тилдерден алынган модный сөздөрдү эле аралаштырып жатышат. Сурат, бул көтөргөн маселең боюнча, мен түшүнүктүү, жеткиликтүү болуш үчүн болбоду дегенде 6-8 баракка анализ жасап, раскладка кылып берсем болмок. Кыска айтканда, жакшы түшүнүктүү болбой калат, себеби, айыл чарбасы боюнча илимий мекемелерди, иштерди чогуу чагылдырып кетиш керек деп ойлойм...
Манас Саматов, фермер:
-- Бул көп жылдан бери келаткан өтө чоң көйгөй. Биз азыр айыл чарба министрлигине бир сунуш менен чыгып атабыз, республика боюнча бүткүл айыл чарба өндүрүшүн камтый тургандай агропортал түзөлү деп. Аймактар боюнча ким эмне менен алек, канча фермерлер бар, кандай кылганда өнүгөбүз? Ушул таризинде дээрлик анализ кылып, санариптештирүүнү камтып, баарын ачык чагылдырган бир түйүнгө байланган маалымат блогун түзүү керек. Андайды шарттай турган жогорку тажрыйбалуу адистерибиз да даяр. Жакынкы күндөрү министрликке киребиз. Ушу кезге чейин баардыгы божомол сандар менен келгенбиз. Чындыгында башка сандар сүйлөп, анын аркасы менен айыл чарба жааты көптөгөн жабыркоого учураган. Ал эми агропортал түзүлүп калса, божомол сандарга бөгөт коюлат. Азыр ушуга бел байлап турабыз.
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити