Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кыялында миллиондорду төктүргөн Сыймыктын сый көргөн күнү бүтөт окшойт

Кыялында миллиондорду төктүргөн Сыймыктын сый көргөн күнү бүтөт окшойт

22-январь, 12:45
1 460 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Адатта чиновник кызматтан алынарда же камаларда чыр-чатактуу көрүнүштөргө кириптер боло баштайт. Акыркы убакта финполдун башчысы Сыймык Жапыкеев өгөй баладай кодуланып, чын-жалганы аралаш маалыматтардын чабуулунда калды. Негизинен финансылык “ярлыктар”, пара алууга байланыштуу кептер го? Иштегенден да актануусу арбып, оргу-баргы ашыкча көп сөз айтып, эки анжы маанай жаратып жүргөн кези. Жогорку даражадагы жетекчи да ушундай мүнөз күтөбү? Сыягы, жаңы бийлик үчүн команда боло албасы байкалууда. Биздин угушубузга караганда, Жапыкеев көпкө узабай кызматтан алынары каңкууланды. Себеби, ал ушу күнгө чейин баш-аяксыз убадаларды берип эле келатат. Блогер сымал улам-улам соцтармактан кайрылууларды жасайт. Олигархтарды “кустуруп”, миллиондорду төктүрөт имиш. Кыялында кыйратып эле жатат, “виртуалдык” дүйнөдөн түшпөйбү? А жасаган ишин карай келсең, көңүл жылытарлык эмес. Баягы эле эски системага эрмешип алып, айгайлаган эле бир пенде. Реалдуу иштердин өтөөсүнө чыга турган, реформа жасачу кадрдын аракети мындай болбош керек эле. Туурабы? Эмесе, Сыймыктын да сый көргөн дооруна жакында чекит коюлганы калды окшойт... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер