Сабыр Муканбетов, саясат талдоочу: “Ташиев үчүн эми артка жол жок...”

-- Сабыр байке, барган сайын УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин жүргүзгөн саясаты талкууга алынып, эл ичинде оң жана терс баа бергендер аралаш айтылууда. Сиз кандай дейсиз, анын бүгүнкү күндөгү алган багыты туурабы?
-- Кеп Камчыбек Ташиевдин багытынын туура же туура эместигинде деле эмес, негизи артка жол жоктугунда. Ал канчалаган адамдарды түрмөгө тыкты, сындырды, жоготту, “кустурду”, жүздөгөн адамдарды өзүнө душман кылды. Расмий мамлекет башчысы болбогону менен кеп чынында, өлкөнүн агын да, карасын да өз билгениндей башкарып турганын эч ким деле тана албаса керек. Бирок, кандай деген күндө да, «бийликте каалаганча отурам» деген кепилдик жок. Досу жумуштан алып койсо бүттү да…
-- Анда кандай болот?
-- Кайра өзү түрмөгө түшүп калышы мүмкүн, же душмандары ага жеткизбей эле көзүн тазалап салсачы? Ошон үчүн ал кандай да болбосун таасирин колдон чыгарбоосу кажет, анүчүн бийликтин эң жогорку тепкичине – президенттик тактыга отуруусу керек. Камчы азыр ошо максатка жетүүгө аракеттенүүдө. Азыр керек болсо, досу менен да чабышканга, кылчайнашууга барсачы? Ушинтип айтсам жаңылбасам керек. Себеби, башында айтылгандай, ал үчүн артка кетмек тургай, деги эле келечекке жол табуу машакаттуу...
-- Эртеңки күндөгү маңдайга жазылганды ким билсин?..
-- Туурадан чыгып жол талашчулардын дээрлик баарынын канатын кайрып, тап берип, тазалап койгон менен максаты ишке ашып, тактыга отуруп каларына деле баары бир кепилдик жок. Кыргызда «жүгүргөн эмес, буюрган алат» демекчи, тагдыр сыноосуна айла барбы? “Олжону” башка бирөө илип кетсечи?..
-- Негизинен УКМК төрагасына карата карапайым адамдардын колдоосу күчөп баратканы чынбы?
-- Камчыбек Ташиевдин аракеттерине оң, тетири баа берип аткандар жетиштүү. Тетири баа берип аткандар негизинен андан жабыркап, камалып, “кусуп” аткан уурулар, кылмышкерлер, “оппозициябыз” дегендер, батышчыл коом, алардын жакындары, ошолордун астындагы «арзыматтар». Алар Камчыны катуу сынга алышып, соцтармактардан жана башка жерлерден айыптоолорун айтып жүрүшөт. Жабыркоо ызасын тарткандардын көпчүлүгү ичинен бугуп жатышат, ыңгайы келгенде өч алууну көздөшкөндөр... Деген менен Камчыны колдогондор да жетиштүү, алар негизинен карапайым адамдар. Коррупцияга каршы күрөш мурда болуп көрбөгөндөй масштабда жүрүп, Кудайды көзүнө илбей калган уурулар, кылмышкерлер, саясатчылар камалып атканынан кычуулары канып, ыраазы болгон элдин көпчүлүгү анын мурда-кийин кылган “жосун-жоруктарын” кечирип коюшуп, «концерттин» улануусун талап кылып келишкен калың катмар. Дөөгүрсүгөн чоңдорду, байларды баса кала бырпыратып атса, бир чети тамаша деле керек да...
-- Эмнегедир Россия-Украина согушу басаңдай түшкөндөй. Бул убактылуу тыныгуубу, же тынчтык келишимине барышабы?
-- Россиянын атайын аскердик операциясын (СВО) орус-украин согушу кылып көрсөтүү – бул Батыш пропагандасынын айла-амалы. АКШ менен НАТОнун Россия Федерациясын кыйратып, талкалап, ыдыратып, алсыздандырып, ресурстарын талап-тоноп алуу, гегемондугун сактап калуу менен бүт дүйнөнү таман астына салып, мителик жашоосун улантууну көздөгөн англосакстардын аракеттери СССР жоюлгандан бери эле санкциялары аркылуу козуп, НАТО ошон үчүн кеңейтилип, тынымсыз Чыгышка жылжып келгени белгилүү.
2021-жылдын декабрында Владимир Путин Россия менен чектеш Украинанын аймагына НАТОнун аскердик инфраструктуралары жайгашышы Россия үчүн өлүмгө тете (экзистенциалдуу) коркунуч экенин, ага жол берилбестигин эскертип, жалпы коопсуздук боюнча сүйлөшүүнү сунуштады. Талап койду.
Орусту «согуш баштады» деп күнөөлөп, ага максат кылган АКШ “орус алсыз, баштаса баштасын, өзү кыйрайт» деп кулак салбай Украинаны тукуруп, күчтөндүрүп туруп алды. Акыры АКШнын такыр кепке кулак салбастыгына көзү жеткен орустар алардын «согуш баштады» деп айыптаганына да кайыл болуп, «силер күчтү гана таанысаңар, мына силерге күч» деп СВОну уюштурууга аргасыздык жаралганын көрсөттү.
-- Башында айрым божомолдордо айтылгандай, Россия анчалык экономикалык кризиске батканы байкалган жок...
-- Батыш пакет-пакет санкцияларды кабылдап, жүздөгөн миллиард долларларын, курал-жарак, ок-дарынын баарын берди. “Россияны дүйнөдөн изоляция кылып салдык, жакыр-жарды, экономикасы алсыз орустар кыска мөөнөттө кыйрап, тизелейт” деп күпүлдөштү. Бирок алардын эсеби туура эмес болуп чыкты. Орус экономикасы туруктуулугун көрсөтүп, өсүүгө бет алып, санкциялары бумеранг болуп өз баштарына тийген Батыш энергетикалык кризиске кептелип, өндүрүштөрү жабылып, АКШ, Кытайга көчүүдө. Контрнаступ деп жыл бою жыйнап чогулткан куралдары өрттөнүп, жүздөгөн миллиард акчалары кумга куйган суудай жок болду. Контрнаступ эч майнап берген жок.
Эми 2024-жылга дагы укронациктер үчүн миллиарддаган акча, курал-жарак чогултууга чамалары да, каалоолору да калбаган Батыш дагы кумга суу куйгандай болушарын түшүнүшүп, айлалары кетип, «Россияны согуш талаасынан жеңебиз» деген ураандарын кайталай албай, алар менен сүйлөшүүгө Зеленскийди тымызын түртмөлөп отурушат. Өздөрүнүн ит болгондорун моюндоого беттери чыдабай, айлалары куруп турат.
-- Дүйнөлүк коомчулук Израилдин аёосуз соккуларын жектеп, согушту токтотууга канчалык чакырык салышса да, оң жыйынтык бербей жатат го? Мунун сыры эмнеде?
-- Өлгөндүн үстүнө көмгөн болуп, ошол учурда Жакынкы Чыгышта согуш оту тутанышы да Батыштын мойнуна түшкөн оор жүк болду. Израилдин негизги союзниги болгон АКШнын да айласы куруп, укронациктерге берчү каражаттарын кыскартып, жөөттөргө берүүгө мажбур. Адегенде араб дүйнөсүн, жалпы мусулман калкын биротоло баш көтөргүс кылып салууну көздөп, авианоцестерин Жер Ортолук деңизине алып келе калган АКШ дүйнөлүк маанайдан чочулап, чочоңдогонун басаңдатып, жөөттөр менен кошо изгойго айлануудан чочулай баштаганы байкалууда.
-- Ошондо аягы кандай жыйынтыкталганы турат?
-- Айтор, “Батышка кошулуп бакубат жашоого тунабыз” деп боордош орус элине душмандык кылып, жерин кол салчу плацдармга айланткан украин эли кызыл кыргынга кабылды. Батыш аларды болушунча колдонуп, акыры пайдадан зыяны көп иш экенин түшүнүп, “кидать” этип атат...
Нурлан Субанкулов
"Азия Ньюс" гезити