Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Нурлан Калыбековдун “мураскору” Улукбек Омокеевби?

Нурлан Калыбековдун “мураскору” Улукбек Омокеевби?

31-январь, 09:00
703 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбековдун шайланган мөөнөтү бүтүп, ордуна мурдагы союздун Ош облустук жазуучулар союзунун бөлүмүнүн башчысы Улукбек Омокеевге өткөрүп берет экен” деген имиш сөздөр тарады. Балким анын чындыгы бардыр, себеби, ал Оштогу ишин таштап, Бишкекке көчүп келди. Азыркы учурда Улукбек Омокеев досу Түмөнбай Колдошев жетектеген Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунда проректор кызматын аркалоодо...

Бизде “Улукбек Омокеев ким?” деген суроо пайда болду. Көрсө, ал үч ыр жыйнагынын автору, А.Осмонов, Э.Эрматов атындагы адабий сыйлыктардын лауреаты, башкача айтканда, эртең эл акыны наамын алууга талапкер болгонго акысы бар акын экен да. Таппасаң сыйпалап кал! Бирок анын чыгармачылыгы тууралуу пикир жазгандарды жолуктура албадык, поэзияга кошкон салымын деле билбедик. Ош тараптан адабият боюнча жүздөн ашык илимдин кандидат, докторлорунун бири да ал жөнүндө ырымга эч нерсе жазышпаптыр. Демек, Сокеден эл акыны наамын алган Кожогелди Култегин колдогон элге белгисиз эл акындарынын катарын толуктап, Улукбек Омокеев улуттук жазуучулар уюмун жетектейби? Кыскасы, жасалма, сапатсыз кадрлардын заманы болду го...


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер