Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Чүйдө сасык тумоо күчөп, массалык иш-чараларды өткөрүүгө чектөө киргизилди

Чүйдө сасык тумоо күчөп, массалык иш-чараларды өткөрүүгө чектөө киргизилди

11-октябрь, 11:50
287 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Чүй облусунда сасык тумоо менен ооругандар көбөйгөнүнө байланыштуу массалык иш-чараларды өткөрүүгө чектөө киргизилди. Бул тууралуу оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдирди.

Маалыматка ылайык, өткөн жумада 1002 адамдан сасык тумоо аныкталып, эпидемиологиялык босогодон 12,7 пайызга ашып кеткен.

Үстүбүздөгү жылдын тогуз айында Чүй облусунда курч респиратордук оорулардын 29 миң 137 учуру катталган. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2630 учурга көп экени белгиленди. Сасык тумоонун өсүү темпи беш пайызды түзгөн.

Буга байланыштуу 1-октябрдан тарта облустагы коомдук жайларда, уюмдарда жана мекемелерде көңүл ачуучу массалык иш-чараларды өткөрүүгө карантиндик чектөөлөр киргизилген. Ошондой эле ооруканада жаткан бейтаптарды көрүү үчүн келгендердин кирүүсүнө да тыюу салынды.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер