Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ахматбек Келдибеков шайлоого аттанса, айрым талапкерлер баш тартышат...

Ахматбек Келдибеков шайлоого аттанса, айрым талапкерлер баш тартышат...

27-июль, 15:57
351 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди каттоо 2023-жылдын 10-августуна чейин уланат. Азырынча абройлуу, капчыктуу, топ жара турган лидерлердин чыкканын байкай элекпиз. Бул жолку күрөш активдүүлүгүн көрсөтөрүн, оңой эмес салгылашуу орун аларын эскертели. Азырынча чоң саясатчылар козголуша элек. 10-августка жакын реакция жаратышары бышык. Бизге жеткен маалымат боюнча, Ахматбек Келдибековду колдой турган жетиштүү электорат бар экени, эгерде талапкерлигин койсо, көпчүлүк шайлоочулар бурулуп кетишери болжонууда. Ошого катар айрым атаандаштар аламанга катышуудан баш тартышып, экс-спикердин штабына кайрылып келишери да ыктымал. Аныгында, Келдибековдун саясый сабаты, мамлекетти башкаруудагы тажрыйбасы, алдыны көрө билген кыраакылыгы бар эмеспи. Маселе кыраатынан коюлса, эгерде каарманыбыз чындап шайлоого аттанса, Кудайдын жана элдин колдоосу менен жеңишке жетишеринен күмөнүбүз жок. Мандат да буюрган адамга ыроолонот. Эмесе, чечкиндүү кадамды күтө туралы. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер