Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Апамды теңине албаганы үчүн эжемди жек көрөм

Апамды теңине албаганы үчүн эжемди жек көрөм

11-сентябрь, 14:17
1 675 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Aпам экөөбүз азык-түлүк алганы супер маркетке барганбыз. Көнгөн адат боюнча базарга эле түшсөк болмок экен. Конфет тандап жүрүп жездеме жолугуп калдык. Бизди карaп, учурашпай басып кетти. Мен го мейли, апама боорум ооруду. Байкушум эмне кылаарын билбей, "кел муну aла берели" деп алдактап калды. Үч бир тууганбыз уулусу эжем, мен ортончусу, кичүүсу иним. Апам бизди жалгыз өстүрдү. Эч качан катуу сүйлөп урушкан эмес. Контрагыбыздын акчасын төлөш үчүн түнү менен иштеди. Апам өзүнө эч нерсе сатып алчу эмес, биздин эски кийимдерди кийип алат эле. Жездемдин ата-энеси бай. Бизди теңине албайт. Эжем үйгө келгенде чогуу кирбей, сыртта машинасында күтүп отура берет. Эжем дагы ага турмушка чыккандан кийин өзгөрө баштады. Мурдагыдай үйгө бат-баттан келбейт. Социалдык тармактарынан чогуу түшкөн сүрөттерүбүздү өчүрүп салды. Апам чалса жооп бербейт. Жездем болсо көз көрүнө эле турбканы басып коет. Карыган апам кабатыр болуп, чалганын токтотпойт. Деги койчу, небересин көрсөтүшпөйт. Апамдын ыйлап отурганын көрүп, эжеме болгон жек көрүүм күчөп барат. Эжемден бул нерсени күткөн эмесмин! Апам бизди кантип чоңойтконун унутуп койгон сыяктуу...


Жанар
 
Bilesinbi.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер