Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Алтынбек Исмаилов: “Пандемия маалында санариптештирүүнүн өзгөчө маанисин билдик”

Алтынбек Исмаилов: “Пандемия маалында санариптештирүүнүн өзгөчө маанисин билдик”

15-ноябрь, 17:04
468 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Маалымат технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы менен маек.

-- Туруксуз абалдабыз. Бул учурда санариптештирүү иштеринде жылыш болуудабы?

-- Эң биринчиден, жайында Бириккен Улуттар Уюмунун изилдөөсү чыгып, Кыргыз Республикасы IT тармагындагы 91-орундан 85-орунга секирик жасады. Бул болсо санариптештирүүнүн жыйынтыгы болуп, санариптештирүү иштери активдүү жүрүп жаткандыгынын белгиси. Борбор Азиядагы башка мамлекеттерге салыштырсак, биз экинчи орунга чыктык. Өзүбүздүн он жылдык тарыхыбызда бул эң жакшы жыйынтык болду. Албетте, анан пандемия маалында  санариптештирүүнүн маанилүүлүгү дагы баса белгиленип жатат. Себеби, карантин болобу, башка тоскоолдуктарда жеке секторубуз электрондук онлайн кызматтарды алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ошол мүмкүнчүлүктөрдүн азыр дагы үзгүлтүксүз түзүлүп жатканын өзгөчө айта кетсек болот. Бул кырдаал санариптештирүүнү дагы күчөтүш керек экендигин баса белгилөөдө. Кубанычтуусу,  IT тармагында окуп жаткан биздин жаш балдарыбыз, IT тармагындагы ишканалар, башка дүйнөлүк рынокко экспорттоо күч алганын белгилесек болот. 

-- Санариптештирүү менен жаштар өлкөнү өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк ала алышабы?

-- Албетте, болот. Азыр жаштардын көпчүлүгү “программист болом” деп максат коюшууда. Алар жаңы программа түзөбү, же башка тармагыбы, айтор, кесиптерди тандап жатканын белгилесек болот. Заман экономиканын жаңы индустриясына кетип жатат. Санариптештирүү – жарандар менен мамлекеттик органдардын бири-бири менен карым-катнашынын жаңы деңгээли болуп жатат. Адамдык факторлор азайтылып, коррупцияга каршы көрүнүштөр түзөтүлүп, эң эле маанилүүсү, жарандарга дагы, мамлекеттик органдарга дагы алардын бир топ каражаттары жана убакыттары үнөмдөлүп жатканын белгилей кетели. 

-- Азыр жогорку класстын окуучуларына, жаштарга IT тармагында билим алууга мамлекет тарабынан жеңилдиктер барбы?

-- Эң эле маанилүүсү, компьютер таануу, программа түзүү сабактарын мектепке киргизүү маселеси. 5-класстан 9-класска чейин андай класстар бар. 10-11-класстарга да киргизип, аларды толук кандуу окутууга билим берүү министрлиги   басым жасашы зарылдыгын айтып кетет элем.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер