Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Болот Элебесов: «Бюджети чоң мекемелерде тартип бузуулар көп кездешет»

Болот Элебесов: «Бюджети чоң мекемелерде тартип бузуулар көп кездешет»

21-сентябрь, 00:25
450 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

КР эсеп палатасынын аппарат жетекчиси менен маек.

-- Болот Дердешевич, эсеп палатасынын текшерүүсүнүн натыйжасында ФОМС фондусунан 2 миллиард 641,455 миллион сомдук шайкеш келбестик аныкталыптыр. Бул абдан чоң сумма. Эми аларга карата кандай чара көрүлөт?

-- Бизде үч бюджет бар: республикалык бюджет, соцфонддун бюджети жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондусунун бюджети. Бюджеттик кодекстин эсептөө палатасы жөнүндөгү мыйзамдын чегинде биз жылына текшерип, Жогорку Кеңешке отчет беребиз. Андан тышкары, биз үч бюджеттин түзүлүшүнө карай парламентке тыянак жиберебиз. Соцфонддун жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондусунун бюджеттерин текшерип, отчетторун парламентке жөнөттүк. Алар карашкан соң, эмдиги жылдын бюджетине тыянак беребиз. ФОМС саламаттык сактоо тармагындагы баардык ооруканалардын, бейтапканалардын каржылоосун жүргүзөт. Бул каржылоодо мамлекеттик гарантиялык программасынын аткарылышын изилдеп, каржылык тартип бузууларды аныктап, отчетто кеңири маалыматты жаздык. Бүгүнкү күндө саламаттык сактоо тармагынын бюджети абдан чоң. Биз жылда текшерген сайын негизи тартип бузуулар азайышы керек. Бирок, бул жерде бир маселе бар, эсеп-кысап тармагындагы кадрлардын жетишсиздигинен, алардын квалификациялык талаптарга толук жооп бербегендигинен, анан уюштуруу иштеринин чабалдыгынан ушундай терс көрүнүштөр орун алып келүүдө. Биз өзүбүз тапкан, аныктаган тартип бузуулардын жыйынтыгында, министрликке, камсыздандыруу фондусунун жетекчилигине өзүбүздүн жазма буйруктарыбызды, ишти жакшыртуу боюнча сунуштамаларыбызды беребиз. Ал жазма буйруктардын негизинде тартип бузуулар толук түрдө четтетилиши керек. Мониторинг жүргүзүп, алардын аткарылышына да көзөмөл жүргүзөбүз. Эгер биздин талаптар аткарылбаса, алардын жоопкерчилгин кароо боюнча Жогорку Кеңешке сунуштарыбызды узатабыз. Эгер өтө одоно тартип бузуулар болсо, юридикалык баа берүү үчүн укук коргоо органдарына жөнөтөбүз.

-- Акыркы учурлардагы эң ири көлөмдөгү тартип бузуулар аныкталган мамлекеттик органдарды атай аласызбы?

-Ошол эле саламаттык сактоо, билим берүү тармагында кездешет. Анткени, булардын бюджетинин көлөмү көп. Ошого жараша тартип бузуулар чыгат. Өзүңүздөр билесиздер, кийинки жылдары мамлекеттик бюджеттин көлөмү кескин түрдө жогорулап, курулуш иштери аябай көп жүрүп жатат, жаңы мектептер, оорукана, бала бакчалар салынууда. Ошолордун баарын текшерип, тартип бузууларды аныктоо үчүн бизге да абдан чоң милдет жүктөлүүдө. Ошонун баарын туура түшүнүп, быйыл парламент штаттык бирдиктерибизди көбөйтүп берди.  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер