Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Боомдогу өлүм менен өмүрдүн ортосундагы 4 сааттык күрөш

Боомдогу өлүм менен өмүрдүн ортосундагы 4 сааттык күрөш

11-ноябрь, 11:13
940 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолунун 128-чакырымында «Хово» үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа жол кырсыгына кабылды. Маалым болгондой, окуя 2021-жылдын 7-ноябрында саат 21:20да Боом капчыгайындагы Кыз-Күйөө айылында катталган.  

Кемин райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн командири Эдил Насирдиновдун айтымында, унаа сол жакка кулап, айдоочунун буту жолдогу тосмо менен унаанын кабинасынын ортосуна кыпчылып калган.

«Саат 21:00дөн саат 00:40ка чейин кыпчылган бойдон жатты. Үнүн чыгарып, кыйналып жатты. Биз аны алаксытып, сүйлөшүп жаттык. “Тез жардам” келгенде ооруну сезбей турчу дары сайып коюшту. Ошого анча-мынча чыдап жатты. Биз алгач кырдаалды байкап, ошого жараша иш кылып баштадык. Бир кызматкерибиз ичине кирип, айдоочуну колтугунан кармап, алаксытып турду. Куртка, мээлей кийгиздик. “Коркпо, сабырдуу бол, чыгасың, баары жакшы болот” деп дем берип жаттык. Өзүбүздүн жабдыктарыбыз менен унаанын кесчү жерлерин кестик. Эки тосмонун ортосунда арматуралар бар экен, ошолорду кестик. Болушунча бошотууга аракет кылдык, бирок чыгара албай койдук. Акырында кран алып келиш керек болуп калды. Ошол кранды көпкө чейин күтүп калдык. Ал Ысык-Көл облусу тараптан келди.


“Турмуш кж”

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер