Акыркы кабарлар
» Жанирмем » Элдин эркектери таштап кетсе, менин аялым ойношун тандап кетти
Элдин эркектери таштап кетсе, менин аялым ойношун тандап кетти
02-февраль, 12:31


Мен жубайым менен окуу жайдан таанышкам. Экөөбүз үч балалуу болуп, бактылуу эле жашачубуз. Анан үч жыл мурун ал мени балдарым менен таштап кетти. Ал өз катында башка бай адам менен таанышканын айткан. Менден кечирим сурап, уул-кызымды өз алдынча чоңойтууну суранган. Мен, албетте, жаман болдум. Аны издеп, таппай койдум. Балдарыма аябай боорум ооруду. Алар күндө апасын издеп, катуу куса болуп жүрүштү. Бирок убакыт өтүп, акырындап унута башташты.
Азыр кудайга шүгүр, баары жакшы. Балдарым мектепте окуйт, мен да жакшы жумушта иштейм.
Нурбай










