Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Менин устатым Дональд Трамп

Менин устатым Дональд Трамп

20-июль, 14:00
898 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Менин турмуш жолумдагы басып өткөн кыйынчылыктарымды, ар бир жеткен жетишкендиктеримди жазып жатып, мындай түшүнүккө келдим: ар бир китеп жазган адам менен баарлашканга караганда, китебин кунт коюп окусаң, ал адам менен жашагандан дагы көп маалымат аласың, жандүйнөсүн түшүнөсүң. Көркөм адабий китептерди айта албайм, бирок ийгиликтүү адамдардын турмуш, тажрыйба жолун окуу менен биз дагы сабак алып, көп улуу иштерди жарата алабыз. Дональд Трамптын китебин окуу менен башкалардан өзгөчөлөнгөн таамай айткан сөздөргө кабылдым. Менин китеп аркылуу тапкан устатым катары эсептедим. Албетте, сүйүктүү окурманым, мага керектүү гана жерлерин алдым. Эч бир китепте кездешпеген пайдалуу, таасирдүү сөздөрдү окудум. «Агымга каршы сүзгөндө гана эң бийик жетишкендиктерге жетесиз”, “Жолу болбогон адамдарды жек көрөм”, “Жакшы идеяны ойлонуп туруп, аны ишке ашырбагандан өткөн кылмыш жок”, “Эгер сиз жумуш убактыңызды “келерки демалышка чейин канча саат, мүнөт калды” деп эсептебей өткөрсөңүз, анда сиз эч качан миллиардер боло албайсыз”.

«Сиз бизнесиңизди тирүү жан катары эсептеңиз» дейт. Анын канчалык деңгээлде ден соолугу чың экендигин сандар аныктайт экен. Кантип? Сиздин бизнесиңиз канча акча таап жатат? Атаандаштарыңызга туруштук бере алабы? Бизнесиңиз канчалык деңгээлде элге таанымал же жарнама жаатында аксап жаткан жокпу? Канча адам иштейт? Канчасы күйүп-бышып, жандили менен берилүүдө? Бул суроолорго жооп берсеңиз, сиздин бизнесиңиздин саксаламатта экендигин аныктай аласыз. Бизнесиңизде, айрыкча акча жаатында кирешеден чыгаша көп болсо, же өзүн-өзү камсыздай албаса, анда «саламаттыгы жакшы эмес» экендигин билгизет. Сиздин бизнесиңиз жок, жөн гана кызмат көрсөтсөңүз деле бир тирүү жандыктай кабыл алыңыз. Эгерде жасаган жумушуңуз өзүңүзгө жакпаса, купулунузга толбосо, анда ал жумуштан баш тартыңыз. Сиз сүйгөн, жандүйнөңүз каалаган жумушту жасаңыз. 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер