Мен сени издеп жүрөм...


Жашым 45те. “В сорок пять женщина ягодка опять” дегендей, он гүлүмдүн тогузунчу гүлү ачылып турган учурдамын. Үстүмдө үйүм, астымда 80 миң долларлык автоунаам, кырс кыялым, чалпоо мүнөзүм бар. “Аялдын семизи – төшөк, эркектин арыгы – эшек” дейт. Салмагым 100 килограмм. Күч-кубаты толуп турган, “керемети” келип турган арыкчырай, сулуу, отуз жашка чейинки үй тиричилигинин баарын жасаган жигиттер менен кол кармашып, жүрөк сырын күнү-түнү бөлүшөм. Ал алтынчы эрим болот. Акыркы сүйгөн күйөөм болот деп обещать этем.
Адресимди редакцияга таштадым.
***
Жашым 70те. Шаарда үч кабат үйдө негр үй кызматчым менен жашайм. Көп жылдар бою “депутат-жепутат” деген атка конуп, азыр ардактуу эс алуудамын. Сегиз балам, отуз бир неберем, кырк үч чөбөрөм бар. Баары үйлөнүп-жайланып, буттарына туруп, гүлдөгөн, дүркүрөп өскөн бизнестери бар. Менде байлык, дөөлөт да бар. Кудайга шүгүр, бел кубатым белести ашарына ишенем. Азыр медицина-фармакология баралына келип турган убак. Кудуретим куурап баратса, виагра-сиагра, тонкгат жана башка дарылар жардамга келет. Мага жамбашымды жылытып, жанымда жалбарып жаткан жар керек. Жаш курагы 20дан 32 жашка чейин болсун. Бою 175, карлыгач каш, карагат көз, элик мурун, оймок ооз, тиши күрүч, тили бал, аркар төш, тартар сан болсун. Бөпөлөп алганга гарантия берем.
Телефондорум редакцияда.
***
Жашым 20да. Үч кыз, бир уулум бар. Күйөөлөрүм менен ажырашкам. Төрт жерден алимент алам. Жашоом жакшы. Ар бир күйөөмдөн машина, квартира “шыпырып” калгам. Тамеки тартам, арактын акесин таанытам. Мага жан жыргаткан, сүйүү кумарынын туу чокусуна жеткирип турган, үстүмө үйрүлүп, үрпүмдү эмип турган эркектана гана керек. Жашына, өң-түсүнө карабайм. Бала-бакырасы болсо деле мейли. Сүйүү дарыясын кечип, аруу сезимдин аралында жашасак бара-бара эрди-катын болуп калышыбыз мүмкүн.
Дарегим редакцияда.
"Азия Ньюс" гезити