Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Надырбек Абдумаликов: “Ци гун көнүгүүлөрү көптөгөн оорулардан арылтат”

Надырбек Абдумаликов: “Ци гун көнүгүүлөрү көптөгөн оорулардан арылтат”

16-февраль, 10:51
2 368 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Надырбек иним байыркы кытай элинин тай цзи өнөрүн Медер Итибаев устатынан үйрөнгөн. Адамга сергек жашоо тартуулоодо болгон күч аракетин жумшоо менен алек болуп келет. Москва шаарында жүрүп келди. Кыргызстанга жакында эле келип, элибиздин өсүп-өнүгүүсүнө аздыр-көптүр салым кошорун айта отурду. 

-- Сөздү биринчи тай цзиден баштасак. Кыскача түшүндүрмө берип кетсең?

-- Тай цзи цюань кытайчадан сөзмө-сөз которгондо “Улуу чек муштуму” деген түшүнүктү берет. Тай цзи – кытай элинин баа жеткис искусствосу. Улуу элдин маданияты, өнүгүүсү ушул искусство менен тыгыз байланышта. Тай цзи – адамдын ден соолугун чыңдоодо, аң-сезимин өстүрүүдө өтө чоң роль ойноп, аны  менен машыккандар сергек жашоону көздөгөндөр... 

-- Бир канча аспектиси бар экенинен кабардарбыз... 

-- Тай цзинин 5 аспектиси бар: 1. Философиясы. 2. Ден соолукту чыңдоо гимнастикасы. 3. Ци гун. 4. Медитация. 5. Жоокердик өнөрБаардык оору-сыркоонун башаты нервден кетет. Андыктан, нерв системасын жумшартуу үчүн медитация миңдин бири. Ошону менен катар ден соолук чыңдоо гимнастикасы омуртка муундарга жакшы. Ал эми ци гунду болсо, аураны тазалап, адамдын энергиясын көтөрүү үчүн колдонобуз.

Ци гун кытайчадан которгондо, ци – энергия, гун – иштөө. Мындайча айтканда, энергияны иштетүү же башкаруу дегенди түшүндүрөт. Адамда аура (биоталаа) деген түшүнүк бар. Денени каптап турган жөнөкөй, көзгө көрүнбөгөн ар кыл түстөгү нурлар болот. Андан сырткары адамдын денесинде мэридиандар бар (энергетикалык каналдар ци – өмүрлүк энергиясы жүрүүчү). Ошол меридиандарда тоскоолдуктар болуп турат. Аны ачып, аураны тазалоо үчүн ци гун көнүгүүлөрү жасалат. Ци гун көнүгүүлөрү менен көптөгөн ооруларды, илдеттерди айыктырууга болот.

-- Мисалы?

-- Полиартрит, жүрөк кан тамыр оорулары, радикулит, бронхит, астма, остеохондроз, омуртка аралык грыжа, нерв оорулары ж.б.

-- Тай цзи өнөрү сен үчүн акча табышпы же башка максаттарың да барбы?

-- Баардык материалдык баалуулуктар убактылуу гана. Ким канчалык аракет кылса, ошончо берет. Менин максатымбул жашоого келген миссиям – Жаратканга кулчулук кылуу, анын ыраазычылыгын табуу.

-- Бирок, жашаш да керек, шыпаа издеп келгендер ыраазычылыгын билдиришеттир...

-- Негизгиси ошол да, ыраазычылык билдирбесе, анда иштештин кажети канча?  Аракетиңдин акыбети кайтып, эл ыраазы болсо, андан өткөн зор бакыт жок. Ушунча жыл үйрөнгөн өнөрүм эки дүйнөдө пайда алып келиши үчүн аракеттенем.

-- Кыргызстанга куш келипсиң, тай цзи өнөрүңдү мекениңе кенен жайылтуу оюңда барбы?

-- Албетте. Келечектеги максатыбыздын эң негизгиси ушул даКыргыз элимдин өсүп-өнүгүүсү үчүн аздыр-көптүр салым кошсок деген ниеттер бар. Чет жактан алган билимимди өз элиме кеңири берүүгө аракет кылам. Кай жерде жүрсөм да, менин жүрөгүм “кыргыз деп согот! Ошону менен бирге ушул улуу өнөрдү мага үйрөткөн устаттарым Макен Исаков, Медер Бишкекке терең ыраазычылык билдирем.

-- Кыргызда “өңгөсүн коюп Манасты айт” дешет. Кызмат акыңды жана байланыш телефондоруңду айта кет...

-- Кызмат акым бир күнкү укалоо 1000-1500 сом. Бир курсу – он күн. Бишкектеги Тоголок Молдо көчөсү менен Ленинград (азыркы Баялинов) көчөлөрүнүн кесилиши. Тел.: 0778-407-340 (WatsApp).


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер