Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » ДСУ: “Уу коргошун менен COVID-19ду дарылоо боюнча эч документ жок”

ДСУ: “Уу коргошун менен COVID-19ду дарылоо боюнча эч документ жок”

26-апрель, 17:18
533 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Дүйнөлүк саламаттык уюмунда коронавирусту уу коргошун менен дарылоо тууралуу эч кандай документ жок. Бул тууралуу 26-апрелде Бишкекте өткөн пресс-конференцияда уюмдун Кыргызстандагы кеңсесинин башчысы Назира Артыкова “дүйнөлүк саламаттык уюмунда COVID-19ду уу коргошун (аконит) менен дарылоо тууралуу кандайдыр бир документ жок. Документтер берилсе аларды изилдеп чыгып, бардык суроолорго жооп бере алабыз” деди. 

15-апрелде президент Садыр Жапаров Кыргызстандын дарыгерлери коронавирустан 2-3 күндө айыктырган ыкма тапканын жарыялаган. Эртеси саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев брифинг өткөрүп, уу коргошун ушул кезге чейин Кыргызстандагы ооруканаларда жаткан 300 бейтапка берилип, байкоо жүргүзүлгөнүн жана натыйжасы далилденгенин жарыялаган.

20-апрелде Бишкекте уу коргошунга ууланган төрт адам ооруканага түшкөн. Министр Бейшеналиев уулангандар алар сунуштаган уу коргошунду эмес, өз алдынча ичкендер экенин билдирген.

“Азаттык”

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер