Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Алтынбек Исмаилов: “IT тармагына инвестиция жасоо абдан маанилүү”

Алтынбек Исмаилов: “IT тармагына инвестиция жасоо абдан маанилүү”

19-июнь, 10:01
706 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы Дастан Догоев арызын жазып кызматтан кеткенине саналуу күндөр болду. Догоевдин кызмат ордуна жогорку технологиялар паркынын директору Алтынбек Исмаиловдун талапкерлиги сунушталып, учурда президенттин жарлыгын күтүп жаткан учуру экен. Санариптештирүүдөгү жаңылыктарды сурап, Алтынбек мырзага суроолорубузду узаттык. 

-- Карантин учурунда санариптештирүү үчүн кандай жагдай түзүлдү? Кандай иш алып бардыңар?

-- Албетте, пандемия кесепетинен улам баарыбыз маалымат технологияларын колдонуп, ишибизди үзгүлтүксүз аткарууга аракет жасадык. Бул мамлекеттик секторлорго да, жеке секторлорго таандык. Санариптештирүү процессиндеги жыйынтыктардын бири катары белгилесек да болот. Албетте, бул илдеттин жыйынтыгында биз ишибизди дагы күчөтүшүбүз керек болду. Коронавируска чалдыккан адамдардын саны дагы көбөйүп жатат. Ошого жараша да кандайдыр бир деңгээлде чараларды көрүшүбүз керек. Азыркы жумушсуздук көбөйүп жаткан маалда билим берүү системасына, өзгөчө IT тармагына инвестиция жасоо абдан маанилүү. Келечекке карай аябай иш көп. Өкмөттүн ишин улантууга аракет кылышбыз керек. Мындан тышкары, биздин президентибиз белгилегендей маанилүү тапшырмалар бар. Алардын эң биринчиси фискалдаштыруу. Ал жерде  да бир топ иштер бар. Экинчиден, айыл өкмөттөрдү түндүк системасына кошуп, аларды дагы санариптештирүү процессине кошууга өбөлгө түзүү турат. Үчүнчүдөн, мамлекеттик кызматтарды санариптештирүүнү тез арада бүтүрүш керек. 

-- Айыл өкмөттөрдү, мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү боюнча аткарыла турган көп пландарыңар бар эле, алар кандай ишке ашууда?

-- Бул жыл деле санариптештирүү жылы катары уланууда да. Негизинен үч стратегиялык максат бекитилген: 1) санариптик өнүгүүлөрдү өнүктүрүү, 2) сапаттуу санариптик кызматтарды көрсөтүү, 3) технологиянын негизинде туруктуу өсүшкө алып келүү. Бул багытта 2019-жылдын 14-февралында ишке ашыруу концепциясы иштелип чыгып, 15-февралда бул жол картасы Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн токтому менен бекитилген. Буга ылайык мамлекеттеги баардык тийешелүү органдар иш-чараларды ишке ашыруу боюнча иш алып барууда. Эң негизги ишке кирген системалардан болуп “электрондук аракеттенүү түндүк системасын” баса белгилесек болот.  


Жамиля Нурманбетова

 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер