Апамдын айынан күйөөм эки кызымды, мени таштап кетти...


Мен апамдын жалгыз кызымын. Эми күйөөм менен апамдын айынан ажырашып отурабыз.
Апамды баардык нерсеге айыптай албайм, анткени ал биз баш кошкондон кийин үч бөлмөлүү батирин берген. Бирок апам дайыма жашообузга аралашып, кеңеш берип турчу. Күйөөмө бул жага берчү эмес.
Апам менин кыздарымды, баарыбызды жакшы көрөт. Бирок чыны менен тынчы жок. Өмүр бою мугалим болуп иштегендиктен, тынбай кеңеш айткандан тажабайт. Күйөөм болсо “квартирага чыгып кетели” деди. Бирок апамды жалгыз кантип таштайм? Балдарга жардам берип, тамак-аш жасап, үйдү тазалап, азык-түлүк алып берип, биздин түйшүгүбүздү тартат. Бир күнү күйөөм башка аялды жактырып жүргөнүн айтып, эки кызым менен таштап кетип калды. Ал азыр алимент төлөп турат, кээде ошол алименттен тышкары дагы акча берет. Бирок кыздарым атасыз өсүп жатканына өкүнөм, жалгызсырайм. Бул да болсо бешенеме жазылган тагдырым окшойт...
Нурайым
"Азия Ньюс" гезити











