Казыбек казалчынын сөөгүн бир оодарган Сүйүнбек Касмамбетовдун тилине баракелде!
Айтылуу Ат-Башы өрөөнүнөн чыккан белгилүү Казыбек казалчынын 120 жылдыгы Босого жайлоосунда бир топ коомдук ишмерлердин, анын ичинде мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, башпрокурор Курманкул Зулушев, министрлер кабинетинин орун басары Эдил Байсалов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар иштери министри Азамат Жаманкулов жана Нарын облусунун губернатору Алтынбек Эргешовдун катышуусунда маараке мыкты деңгээлде өттү. Ал жакта биз да болуп кайттык.
Кучагын жайган Ат-Башы жери
Бир топ журналисттер атайын дайындалган унаа менен таң супа Бишкектен чыгып, Босого жайлоосуна мааракенин ачылышына бир чай кайнам калганда жетип бардык. Көздүн жоосун ала каз-катар тигилген 150дөн ашык аппак бозүйлөрдүн биринен чай ичкени башбактык. Кадимки кыргыз жыттанган, улуттун уңгусун улаган дүр-дүйүм тамактар тасмалга толуптур. Карын май, каймак, кызыл бет бышкан боорсоктор, ичеги-карындан, тыштуу кабыргалар менен жасалган куурдак, олобо, керчөө, көөлөнгөн талкан, курут, деги койчу баары бар. Тал чыбыктай ийилген кыз-келиндер адегенде кымыз сунушту, анын арты менен сүттөгөн чай, каалоочуларга уй кымыз, айран, чалап, аз-маз кебеги үстүнө калкып чыккан жармадан бастыра ичтик. Бир заматта курсак кампайды. Жамбаштап жата кеттик. Чак түштө маараке башталды.
Сүйүнбек Касмамбетов, мамлекеттик катчы:
-- Президент Садыр Нуркожоевич Жапаров мени бул жакка узатып, тапшырма берип жатып, улуу тоонун боорунда жайгашкан мартабалуу инсандардын өмүрүн даңазалаган чоң иш-чарага ийгиликтерди каалап, артта калган тарыхыбызды унутпай алга сүрөп, баардык жактан өнүгүп-өсүп келаткан бүгүнкү кырдаалда кырдын учуна чыгып алып, ооп кетпей чоң салым кошуп жаткан теңиртоолук бир боорлорго ийгилик каалады.
Эми Казыбек атабыз жөнүндө айталы. Кыргыз нарк-насилин, адебин даңазалап жүрүп, акыйкаттыктын артынан түшүп, жашоонун оор азабын көрүп жүрүп өттү. Кыргызда “Казыбек казалчы” деп бир эле кишинин аты аталат. Казыбек атабыздын казалы кыргыз фольклорунда өзгөчө орунду жарып чыккан жанр. Казыбек атабыз кыргыздын турмушун ырга салып, кээде жаныңды кашайтып, кээде жаныңды жыргаткан. Бу киши алты тилде ээн-эркин сүйлөгөн. Алты жыл Бухарада, эки жыл Санкт-Петербургда билим алган. Ошол кезде кээ бир адамдарга бир эле күнөө коюлуп, “эл душманы” делсе, бу атабызга үч күнөөнү бир коюп, сот жазасына тарткан. Арманы, азабы түрмөдө өттү. Акыры эч ким актабаган прокурорлордун ичинен жалгыз Курманкул Зулушев нечендеген томдорду аңтарып-теңтерип, тараза ташына салып актады.
Биз 3000 жыл бою өз наркыбызды жоготпой, башка элдин күмөн жараткан жактарына ообой бир калыпта келаткан элбиз. Бизди “Манас даарыган эл” дейт. Ошон үчүн жок салтты элибизге сиңирбей, өзүбүздүн кыргыз жыттанган насилибизди улантабыз. Аларды кантип улайбыз? Мына ушундай Казыбек казалчынын тарыхындай тарых турат. Арабызда бир балабыз бар, КР эмгек сиңирген артисти Токтобек Асаналиев деген. 2021-жылы март айында мага келди, “Казыбек атабыз унутулуп кетти. Чала-була акталып, аягына чыкпай калды” деп. Ошол инибиз аябай эмгек кылды. Чапкылап жүрүп, элдин үнүн, арыз-арманын жеткирди. Мына бүгүн Казыбек казалчынын арбагы бизди карап турат. Аны менен бирге ыраазычылыгын айтып атса керек...
Оюн-зоок, көз жоосун алган көргөзмөлөр
Казыбек казалчынын 120 жылдык тою Босого жайлоосунда спорттук оюндар, анын ичинде кыргыз күрөшү, таяк тартыш, эр эңиш менен бир жагы коштолсо, экинчи жагы уз, чеберлер көз майын коротуп жасаган алакийиз, шырдак, көрпө төшөк, көлдөлөң, ж.б. буюм-тайымдардын көргөзмөсү менен коштолду. “Дүр-дүйүм тамак-аштын баары Ат-Башыда окшойт” деп келген коноктордун айткандарын кулак сырты менен угуп калып аттым. Ар бир бозүйгө башбаксаң эле кыргыздын бети албырган сулуу кыздары “өтүңүздөр, даам сызгыла” деп сыйын көргөзүп атты. Бир чыны кымыз ичкиче ары жактагы карышкыр, калтар ичиктер, суусар, кундуз тебетейлер, ак калпактын түрлөрү көз жоосун алат чиркиндики! Жез самоордо чайы буркулдап кайнап, арча түтүнү мурдуңду жара не бир жомок дүйнөгө кирип кеткениңди байкабай каласың. Чай эле бекен, “Ала-Тоодой эт, Ала-Көлдөй чык тартылды” деген кептин маңызы ошол жерде болду. Алтургай атайын медицина кызматы да өз ишин мыкты көргөзүп жатты. Бир бригада кан басымы көтөрүлүп кеткен же түшүп кеткендерге пайдалуу кеңешин айтып, дары-дармектери да даяр экен.
Өнөрпоздор шаңга бөлөп...
Манасчылар Рыспай Исаков, Асаналы Калил уулу баш болгон, акындардан Асылбек Маратов, ырчылардан Токтобек Асаналиев, Алтынбек Каленов, Жазгүл Жумаканова, кыл кыякчы Залина Касымовалар төш болуп өнөрлөрүн көргөзүп, тойду шаңга бөлөшсө, жергиликтүү Ат-Башы районунун эли сармерденди катырды.
Жаман сөз жан кейитет, жакшы сөз жан эргитет
Күн кылкылдап батып баратканда кайттык. Уюштуруу иштеринин жетекчиси, ар дайым ак калпагын башынан түшүрбөгөн кыргыздын патриот жигиттеринин бири Ат-Башынын акиминин орун басары Болот Абдыжапаров дагы бир ирет сыйын көргөзүп жатып, “конуп кеткиле. Бир тай казан эт (карын-карта, чучук, кабелтең устукандар) сиздер үчүн даяр турат. Сабада бышылган кымызым бар” деп чын жүрөгүнөн айтып далайга кыйылды. Көпчүлүк “жол алыс, күн жарыкта асфальт жолго жетип алалы. Андан ары Бишкекке аман-эсен барып, тойдон ооз тийгизели. Сапарбыз карыды” дедик. Алты чакырым жөнөп алып, кайрадан кайткыбыз келди. Айла жок, мойнубуздан байланган иттей болуп атып араң жолду уладык. Зерикпестен жетип алдык. Акын Асылбек Маратов Босогодон баштаган Бишкекке келгичекти ыр-дастандардын катыгын берип, ар бирибизге арнап төгүлүп-чачылып, комузун колунан түшүрбөдү. Болгону ушул жигит “Сурат таяке-таята, мобу жолго суу чачтырып койсоңуз сонун болмок экен” деп Босогодон баштап, Торугартка кетчү кесилишти көргөзгөндө, абдан уялдым, акындын кылары ушу да, бетке айтты.
Кыскасы, карын жарылбай аман жетип алдык. “Агы” менен “кызылы” аралаш суудай акканы да чоңдорго абдан жакты...
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити