Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Султан Абдыкадыров: “Омикрон» Кыргызстанда болушу мүмкүн”

Султан Абдыкадыров: “Омикрон» Кыргызстанда болушу мүмкүн”

11-январь, 11:49
609 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Кыргызстанда коронавирустун “омикрон” штаммы жайылып баштаган болушу мүмкүн. Бирок бул азырынча расмий тастыктала элек”. Бул тууралуу мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин директору Султан Абдыкадыров билдирди.

Анын айтымында, декабрда Новосибирск жана Лондонго жиберилген үлгүлөр негизинен 92 пайызы “дельта” штаммдарын көрсөткөн. Ал эми азырынча “омикрон” аныктала элек. Декабрдын аягында жана январдын башында дагы 165 үлгү алынып, улуттук фтизиатрия борборуна изилдөө үчүн өткөрүлүп берилген.

«2022-жылдын 1-январынан 10-январына чейин Кыргызстанда 1376 COVID-19 инфекциясы катталган. Алардын 86 пайызы лабораториялык жактан тастыкталган. Декабрдын орто ченинде баары тескерисинче болуп, лабораториялар 30-40 пайызын гана берип, 60-70 пайызы клиникалык жана эпидемиологиялык жактан тастыкталган. Бул аныктоо көрсөткүчү бүгүнкү күндө жакшы экенин көрсөтүп турат, бирок эч кандай кыйынчылыктар жок. Жалпысынан абал туруктуу, дүрбөлөңгө түшүүнүн кажети жок.1376 бейтаптын 36 пайызы такыр даттанышкан эмес, 32 пайызы жеңил, 29 пайызы орточо, 2,4 пайызы оор, 0,5 пайызы өтө оор болгон. Бул адамдардын 22 күнгө чейин өз алдынча дарыланып, дарыгерлерге кайрылбаганынан улам келип чыккан» деди Султан Абдыкадыров.

Башкармалыктын башчысы кошумчалагандай, ОРВИ жана сасык тумоо коронавирус менен катарлаш жүрөт. Омикрондун симптомдору, анын айтымында, ОРВИге окшош, дене табы көтөрүлүп, жөтөл байкалат.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер