Ишекеевге тиши өтпөгөн Чонтоевдин кемчонтойлугубу?


Союз убагында Жусуп Баласагын атындагы КУУ жогорку окуу жайлардын флагманы эле. Тилекке каршы, эгемендүүлүк алган жылдардан тарта рейтинги түшүп, кедеринен кете баштады. Илимий изилдөө жана билим берүү жагы аксап, коррупция сары чырмооктой басып калган. Мындайда өнүгүү, реформа кайдан болсун? Анан калса, улам президенттер алмашкан сайын “кол ийрисине тартуу” менен татыксыз ректорлордун далайы келип кетти. Университет сазга бата берди, алдыга карай заманбап өсүүнү көрө алган жокпуз.
Жакынкы эле жылдардагы Ж.Баласагын атындагы КУУнун ректорлору Канат Садыков менен Төлөбек Абдырахмановду алалы, бул экөө тең жаратмандык иш жасай алышпай, реформа кылууга шаалары жетпеди. Тескерисинче, билим берүүнүн сапаты түштү. Мындай шартта жалпы мугалимдерди айлыгын көтөрүү, аларга шарт түзүү кайдан каралсын?
Ошентип, аз күн мурда аталган окуу жайга жаңы ректор Догдурбек Чонтоев дайындалды. Бул көлдүк экен, абалардын колдоосу менен келгенин кайда жашырабыз? Чонтоев келип эле орун басарларын алмаштыруу менен алектене баштады. Эң кызыгы, мурдагы илимий иштер боюнча проректор Назаркул Ишекеев бул жолу мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректорлугуна которулду. Таңгаласың, улам бир келген ректорго жабышып, аттан түшпөй келатканы белгилүү. КУУга Канат Садыков менен Төлөбек Абдырахмановдун залакасы тийип, иштей албай кетишсе, Назаркул Ишекеев “алтын баштуу” болгону үчүн сакталып калдыбы? Моралдык жагын ойлогонго жарабады. Жетимишке чыкканча университеттин өнүгүшүнө салым кошо албагандан кийин эмнеге креслого жармашат? Убагында филфактын деканы, мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы, билим берүү министринин орун басары катары жарытылуу иштеген эмес. Болгону “кургак амбиция” менен гана жүткүнө бермей адаты бар. Эми күйөө баласынын таасирин пайдаланып, проректорлукка жармашып алган кербезиби?
Ушундай. “Аңгектен качсаң дөңгөккө...” демекчи, Догдурбек Чонтоев деле ээрге кыйшык отуруп, ириде университеттин кызыкчылыгы үчүн күрөшүүгө барбай, жеке мүдөөлөрүн ишке ашыруу менен алектенген абалдабы? Ишекеевге тиши өтпөй, башка проректорлорду, аппарат башчысын алмаштырууга үлгүрүптүр. Эми өзүнө караштуу декандарды, анан завкафедраларды дайындоо менен убактысын өткөрүп, чалмакейди чала берсе, акыры бир күнү кызматтан кантип түшкөнүн билбей калса керек.
Ток этерине келсек, Ж.Баласагын атындагы КУУнун бактысы жакынкы жылдары ачылбайт окшойт. Огобетер коррупция кулач жайып, кургуйга кетпегей эле...
"Азия Ньюс" гезити











