Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Төрөбай Зулпукаров, ЖК депутаты: “Парламент менен өкмөттү кетирүүгө негиз жок”

Төрөбай Зулпукаров, ЖК депутаты: “Парламент менен өкмөттү кетирүүгө негиз жок”

24-январь, 13:24
821 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Төрөбай Закирович, кийинки парламенттик шайлоого чейин аз эле убакыт калса да, “Жогорку Кеңеш мөөнөтүнүн акырына чейин иштебей тарап кетет” деген сөздөр дале айтыла калууда. Кандай дейсиз, парламенттик шайлоо мөөнөтүнөн мурдарак болуп калышы мүмкүнбү?

-- Парламентке карата ар түрдүү сын пикирлер бар. Негизи, бир дагы парламент элге толук кандуу жаккан эмес. “Легендарлуу парламенттен” азыркы алтынчы чакырылышка чейинки парламенттерди, аларга карата ЖМКларда жарыяланган сындырды карасак, “Легендарлуу парламент” менен бешинчи чакырылыштын парламентине өтө каттуу сын пикирлер айтылган экен. Ошол эле учурда элдин арасында “Легендарлуу парламент” менен бешинчи чакырылыш эң күчтүү парламент болду” деген да пикирлер бар. Ошондуктан, парламент иштеп турган учурда ага баа берүү өтө оор. Алтынчы чакырылыш иштеп атканда алгачкы жолу башкы прокуратурага ишеним көрсөтпөө, мурдагы президенттен экс статусун алып салуу, Турсунбек Чыңгышевдин өкмөтүнөн кийин экинчи жолу Сапар Исаковдун өкмөтүнө ишеним көрсөтпөө сыяктуу маселелер каралды. Бул өтө оор чечимдердин катарына кирет. Ошондуктан, дагы бир жолу кайталыгым келет, алтынчы чакырылыштын парламентине баа берүү бир аз кыйын болуп турат. Парламент – бул коллективдүү орган. Парламент бир киши эмес, анда алты саясый партия, ар бир фракцияда ар түрдүү депутаттар бар. Депутаттын негизги конституциялык үч милдети бар: мыйзам чыгарат, мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөйт, анан өкүлчүлүк милдетти аткарат. Кайсы депутат канча мыйзам чыгарды, ал мыйзамдар элге канчалык деңгээлде жакшы таасирин берди? Же болбосо, ар бир депутат Жогорку Кеңештин комитеттеринде, фракцияларда көзөмөлдүк функциясын канчалык деңгээлде ишке ашырды? Андан тышкары, өкүлчүлүк милдетин канчалык аткарды – буга шайлоочулар баа берет. Азыркы депутаттардын көпчүлүгүнүн алдыдагы парламенттик шайлоого катышууга ниеттери бар. Аларга баа кайра шайлоого барганда эл тарабынан берилет. 

Андыктан, бүгүнкү күндө парламенттин кетүүсүнө негиз жок. Сырттагы “парламенттик шайлоого катышам” деген партиялар дагы муну каалабайт.  Себеби, алар да даярдык көрүшү керек. Аларга да шайлоонун өз учурунда өткөнү ыңгайлуу болуп турат да. Анан калса, мен парламенттин кетишине себеп болчу саясый кризисти көрбөй турам. Парламент кайсы учурда кетет? Өзүн өзү таратканда, коалиция бузулуп, аны кайра түзө албай калган учурда, же болбосо өкмөт жаңы Конституцияга ылайык эки жолу өкмөткө ишеним көрсөтүү боюнча маселе коюлганда. Бүгүнкү күндө андай маселелерди биз көрө элекпиз. Туура, депутаттардын кээ бирлерине, айрым жетекчилерине сын пикирлер бар. Ал канчалык туура, жүйөлүү экенине эл өзү баа берүүгө тийиш. 

-- Парламенттин жайы түшүнүктүү болду, ал эми өкмөтчү?

-- Эгерде жалпы макроэкономкалык көрсөткүчтү, бюджеттин аткарылышы боюнча салыштырып карап көрө турган болсок, мурдагы жылдарга караганда бюджеттин киреше бөлүгү бир канчага көтөрүлгөн. Айталы, 2019-жылы бюджеттин киреше бөлүгү 155 миллиард сом болсо, 2018-жылы 135 миллиард сом болгон. Мындайча айтканда, 20 миллиард сомго көбөйгөн. Эгерде биз 1991-жылдан баштап салыштырып көрө турган болсок, мындай киреше бөлүк бир дагы өкмөттө болбоптур. 2009-жылы бюджеттин киреше бөлүгү 48 миллиард сом эле. 155 миллиард менен  48 миллиардды өзүңүздөр деле салыштырып көрсөңүздөр. Өкмөттүн ишине бюджеттин киреше бөлүгүнө карап баа бериш керек. 2020-жылы өкмөт бюджеттин киреше бөлүгүн 163 миллиард сомго чейин көтөрүүгө аракет кылып жатат. Андыктан, өкмөттү кетирүүгө негиз жок. Туура, кемчиликтер деле бар. Чек ара маселесинде кээ бир учурда чабалдык кылып жатканын коомчулук да, биз депутаттар да айтып эле жатабыз. Өзбекстан, Тажикстан менен чек араларды аныктап, делимитация, демаркация маселелерин тездетүү керек. Бирок, бул бир эле мамлекеттин көз карашы, каалоосу менен чечилбей турган маселе. Комиссиялар чогуу-чаран иштеши керек. Азыр Өзбекстан менен чек аралар 85 пайыз такталып бүттү. Ал эми Тажикстан менен бул иш өтө жай жүрүүдө. Биз даана эле көрүп турабыз, кээ бир меселелерди чечүүгө тажик кошуналар негедир кызыкдар эмес. Ошон үчүн бул ишти алдыга жылдыруу бир аз оор болууда. 

-- Чек ара демекчи, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Тажикстан менен чек ара меселесин чечүү үчүн кээ бир талаштуу аймактарды алмаштыруу мүмкүн экенин айтты. Бул боюнча сиздин көз карашыңыз кандай?

-- Алмашуу сөзсүз биздин мамлекеттин кызыкчылыгын эске алуу менен ишке ашса, жергиликтүү эл деле, парламенттин депутаттары деле колдошот. Эгер биз утулуп кала турган болсок, анда алмашуу туура эмес. Негизи, эки мамлекеттин ортосундагы ынтымакты сактап калыш үчүн биз бул маселелерге чекит коюуга тийишпиз. Чек ара меселесин чечүүдө өтө чоң жоопкерчилик моюнга жүктөлөт. Ошондуктан, биз документтерди, келишимдерди карап туруп, анан өз оюбузду айтышыбыз керек. Делимитация, демаркация маселелери мыйзам болуп, биздин Жогорку Кеңештен ратификация болот. Материалдар бизге келгенден кийин өкмөттүк комиссиялар тарабынан даярдалган документтерди көрүп туруп, анан өз оюбузду так айтабыз. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер