10 жылдан кем эмес иштеген мугалимдерге 1 миллион сомдон төлөп берүү сунушталды, ишке ашса кана?
Депутаттар Абдывахап Нурбаев менен Жанарбек Акаев “Мугалимдин макамы тууралуу” мыйзамга өзгөртүүлөрдү сунушташты. Документ Жогорку Кеңештин сайтына коомдук талкууга чыгарылды.
Мыйзам долбооруна ылайык, республикалык же эл аралык олимпиадаларда жеңишке жеткен окуучуну даярдаган мугалимдерге үч айлык маянасынын өлчөмүндө сый акы берилет. Мындан тышкары, жалпы билим берүү мектептеринде 10 жылдан кем эмес иштеген мугалимге 1 миллион сом (10 миң эсептик көрсөткүч же 12 миң доллар) өлчөмүндө бир жолку сый акы төлөп берүү сунушталууда.
Документте сый акыларды берүүнүн тартиби министрлер кабинетинин чечими менен аныктала турган белгиленген. Демилгечилер сунушталып жаткан мыйзам долбоорунун кабыл алынышы мектептердин ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга, мугалимдерге турак жай маселесин чечип алууга жардам берет деп эсептешүүдө.
Эске салсак, буга чейин Кыргызстандагы мектептерде жалпысынан 2 миң мугалим жетишпей турганы кабарланган.