Манас Осмон, журналист: “Криминал менен күрөшүүдө Ташиевди жалгыз калтырбай, ага колкабыш кылалы”

-- Акыркы мезгилде кылмыш дүйнөсүнө каршы күрөштүн экинчи этабы жүрөрү айтыла баштады. Эми кримавторитеттердин жардамы менен депутат жана үлкөн кызматты аркалап жүргөндөрдү да жоопкерчиликке тартуу башталат экен. Бул демилге саясый аренаны тазалайбы?
-- Убактылуу күн көргөн, өлкө тагдыры менен иши жок саясатчылардан тазалоо – Кыргызстанда бир топ өзгөрүүлөрдү алып келет. Укуктук мамлекетте криминал же алардын жардамы менен бийликке келгендер болбошу керек. Бул багытта УКМК төрагасынын демилгеси, аракети алкоого арзыйт. Эгер биз чын эле өнүккөн демократиялык өлкөнү куралы десек, криминал менен күрөшүүгө жалгыз Камчыбек Ташиевди калтырбай, ага жапатырмак колкабыш кылуу зарыл.
-- Кыргызстанда демократия, сөз эркинди барбы? Адам укугу жетиштүү деңгээлде корголуп жатабы?
-- Кыргызстанда демократия да, сөз эркиндиги дагы бар. Бирок, адам укугу жетиштүү деңгээлде корголот деп айталбайм. Буга биздеги соттор күнөөлүү. Эгер ким бизде демократиялык принциптер сакталбай жатканын айтышса, кошуна өлкөлөргө барып жашап келишсе болот.