Сайрап турсун эне тил!


Эне тилиң экзамен эмес,
Окубай туруп өткөндөй.
Эне тилиң чакмак эмес,
Жанып кайра өчкөндөй.
Эне сүтү арак эмес,
Ичпей коюп төккөндөй.
Эне тили эрдиң эмес,
Кайра-кайра өпкөндөй.
Эне тилиң тантык эмес,
Шатыратып сөккөндөй.
Эне тилиң байлык эмес,
Семирип алып көпкөндөй.
Эне тилиң бийлик эмес,
Коррупцияга сепкендей.
Эне тилиң тоголок эмес,
Топко окшотуп тепкендей.
Эне сүтү бойду өстүрөт,
Көк Теңирге жеткендей.
Эне тили ойду өстүрөт,
Ай-ааламга жеткендей.
Эне тили шаңшып турат,
Комуз кылын черткендей.
Эне тилим кайнап турат,
Кымыз сыңар аккандай.
Эне тили сайрап турат,
Тарых жолун баскандай.
Балдарыма акыл болуп,
Бакыттын жолун тапкандай.
Көрүнсүнчү кыргызымдын көзүнө
Эркиндик таңы аткандай.
Угулсунчу кыргызымдын кулагына
Манас тили, Чыңгызымдын сөзүндөй,
Эне тилдин кенендиги – ай-асмандай.
Жер бетине дүйнө кезип баскандай.
Миталип Мамытов, академик
"Азия Ньюс" гезити











