Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Коррупцияга айыпталган Нурлан Сулайманов ардактуу атуул алып, элдин бетине түкүрдүбү?

Коррупцияга айыпталган Нурлан Сулайманов ардактуу атуул алып, элдин бетине түкүрдүбү?

22-октябрь, 08:00
826 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ушундай. Коррупцияга айыпталган Нурлан Сулаймановго Ош облусунун ардактуу атуулун губернатор Элчибек Жантаев тапшырды. Коомчулукта нааразычылыктар жаралып, элдин бетине түкүргөндөй бааланды го? Бийликтин беделине шек кетти. 

Эске салалы, Нурлан Сулаймановдун “Коррупция”, “Кызмат абалынан кыянат пайдалануу” беренелери менен айыпталганы түккө арзыбай калдыбы? Министр кезинде 200 миллион сомдон ашык жеп-ичкени кийин прокуратура тарабынан тергелип, камакка алынарда качып кеткен эле. Чет өлкөдө баш калкалап жүрүп, убакыттын өтүшү менен Кыргызстанга кайтып келип, “кыңыр иштерин” жаап-жашырганы айтылып келет. Алмазбек Атамбаевден башкасынын баарын алдап келаткан Нурлан Сулайманов Кыргызстандагы ири байлардын алдыңкы катарында турат. Миллиондогон долларларды чапчыган бизнестери, жерлери, үй-мүлктөрү арбын. Баласы Элдарды парламентке депутат кылып, өзү Акылбек Жапаровго кеңешчи болуп, жол тармагын тескеп, манчыркап жаткан кези. Бирок, анын көз жазгыруусу убактылуу көрүнүш. Бул бийликтин тилин тапканы менен келечекте адилеттүүлүк орносо, Нурлан Сулайманов биринчилерден түрмөгө камалары, байлыктары мамлекетке конфискацияланары шексиз го? Эмесе, убактылуу жыргай турсун, оор жаза аларына да аз калса керек...  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер