Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Түрп кайсы ооруларга табылгыс дары?

Түрп кайсы ооруларга табылгыс дары?

31-август, 19:14
2 304 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Түрптү гректер «Кудай жөнөткөн белек» деп баалап, алгачкылардан болуп өстүрүп пайдаланып келишкен. Бүгүнкү күндө анын жашыл, кара өңдөгүлөрү жана дайкон, лобо түрлөрү дүйнө элдеринде кеңири пайдаланылып, мындан ар кандай салаттар, ысык тамактар жасалып келет. Анда бул жашылча менен жакындан таанышып алалы.

Пайдасы: түрптүн курамында кишинин организмине керектүү элементтердин топтому бар. Башка жашылчаларга салыштырмалуу мында минералдык туздар, йод, кальций, темир, калий жана фосфор көп. Бул элементтер кан басымды түшүрүп, жүрөк булчуңдарын бекемдейт, кандагы канттын өлчөмүн нормалдаштырат. Курамындагы фитоциддер мээни кычкылтек менен камсыздоого жардам берсе, каротин көздүн көрүүсүн жакшыртат.

Дарыгерлер түрптү жеңил антибиотик катары баалашып, сасык тумоодо, бронхит, пневмонияда менюга кошууну сунушташат. Курамында эфир майы болгондуктан шилекейди көбүрөөк бөлүп чыгарып, тамактын бат сиңишине өбөлгө болот, табитти ачат. Заара кубалоочу касиетке да ээ болгондуктан дарыгерлер боорду тазалоодо жана өнөкөт гепатитте түрптөн жасалган салаттарды сунушташат. Түрптүн 88 пайызы суудан тургандыктан калориясы аз. Андыктан арыктайм деп максат кылгандар түрп менен достошкону туура болот. Түрптүн курамында С, РР, В, В6, В2 витаминдери бар.

Эскертүү! Ашказан жарасы, ичеги ооруларында, гастрит, жүрөк ооруларында жана кош бойлуулар чени менен пайдаланганы дурус. Түрптү көп өлчөмдө жеп алганда айрымдарда ич көбүүнү жаратат.

Кара түрп элдик медицинада жөтөлгө каршы колдонулуп келет. Ал үчүн чоң түрптүн ичин оюп, ортосуна балдан куюу зарыл. Эртең мененкиге чейин түрптүн ширеси чыгып, бал менен аралашып калат. Мындан 1 аш кашыктан бир күндө 5-6 маал ичүү кажет. Бул ыкманы балга аллергиясы барлар колдонууга болбойт.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер