Акыркы кабарлар
» Саясат » Эдил Байсалов убагында Элвира Сурабалдиеваны капа кылганбы?
Эдил Байсалов убагында Элвира Сурабалдиеваны капа кылганбы?
19-январь, 12:45

Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева маал-маалы менен вице-премьер-министр Эдил Байсаловго тийишип, жарга такаганга аракет кылмайы бар. Экөө тең бойдок саясый ишмерлер. Буларда эмне мандем болушу мүмкүн? Бизге жеткен маалымат боюнча, убагында Эдил Байсалов бой көтөрүп, Элвира Сурабалдиеваны теңсинбей, карабай койгонун айтышты. Аялдар бир өчөшсө жаман эмеспи. Ошондон улам Эдике балээге калып, көргөн жерден Элвира айымдан заарканып турат экен. Көрсө, жеке мамилелер да мамлекеттик ишке таасир этет тура, негиздүү элеби?
"Азия Ньюс" гезити