Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга кайтып келет

Мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга 12-сентябрга чейин кайтып келет. Бул тууралуу Vesti.kg маалымат агенттигине саясатчынын жакын санаалаштары билдиришкен.
Билет азырынча алына элек. Учуу тууралуу так чечим Бабановдун абалына жана кошумча дарыланууга муктаждыгына байланыштуу кабыл алынат. Саясатчы Москвадагы алдыңкы клиникалардын биринде дарыланууда.
Эске салсак, Өмүрбек Бабанов 31-майда «Кумтөр» долбоорун ишке ашыруу учурунда коррупцияга шектелип кармалган жана УКМКнын тергөө абагына киргизилген. 26-июлда экс-премьер УКМКнын тергөө абагынан «Авиценна» жеке клиникасына которулган. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Өмүрбек Бабановдун баш коргоо чарасын өзгөртүп, чет өлкөгө учууга уруксат берди. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалыматына караганда, мындай чечим саясатчынын ден соолугунун начарлашына байланыштуу кабыл алынган. Августтун башында Бабанов дарылануу үчүн Москвага учуп кеткен эле.
"Азия Ньюс" гезити