Күйөөмдүн ата-энеси ажырашып алышып, бизге азап тарттырууда


Күйөөмдүн ата-энеси эки жыл мурун ажырашып кетишкен, эми болсо бизге тынчтык бербей жатышат. Кайын энем келип, күйөөсүн кечке жамандайт, ал эми кайын атам телефон чалып, уулуна апасынын жаман экенин айткандан тажабайт. Ар бири бизди өз тарабына тартууга аракет кылууда. Алар бизди өз чыр-чатагына аралаштырып жатканын түшүнүшпөйт. Бирок күйөөм атасы менен көбүрөөк жолугуп жүрөт, бул болсо кайын энемдин таарына турганына себеп болууда. Кайын атам муну атайылап айтып, кайненемдин ичин дагы катуураак күйгүзөт.
Мага бул оюндар тажатма болуп бүттү. Эгерде карыганда акыл кирбесе, бул алардын көйгөйү да. Менимче, алардын мамилеси али бүтө элек! Алар ажырашканы менен чекит коё алышкан жок, дагы эле урушуп, мамилесин тактоону улантып жатышат, ал эми чоңоюп калган балдарын өз чырларына аралаштырышып, тынч жашоо бербей келишет.
Узак жылдык никеден кийин ажырашууну сезимдер таптакыр өчкөндө гана кылыш керек. Алар бири-бирин коё бере алышкан жок. Жараштырууга аракет кылсак же аныбыздан майнап чыкпайт. Эми кандай кылабыз?
Нурдана











