Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Тазабек Икрамов: “Алтынчы чакырылыштын депутаттары популисттик кадамдарды жасашкан...”

Тазабек Икрамов: “Алтынчы чакырылыштын депутаттары популисттик кадамдарды жасашкан...”

11-февраль, 23:02
2 063 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Тазабек мырза, айрым кесиптештериңиз депутаттарга кеңешчиден сырткары, жардамчы да берүү керек экенин айтышып, сунуш киргизишүүдө. Сиз бул сунушка кандай карайсыз? 

-- Бул жерде ЖМКлар маселени бир аз так эмес чечмелеп жатышат. Кеп жардамчылар жөнүндө эмес, жер-жерлердеги өкүлдөр тууралуу болуп жатат. Мисалы, көйгөйүн айтып, ар түрдүү маселелерди чечиш керек болсо, шайлоочулар алыс жол жүрүп, райондордон борборго келиши кыйын. Ошондуктан, жер-жерлерде отуруп, шайлоочулар менен түздөн-түз иштей турган, элдин кайрылуусун депутатка жеткирчү өкүлчүлүктөрдү ачуунун зарылдыгы туулуп жатат.

-- Мурда коомдук башталыштагы жардамчылар болчу эмес беле? Бул милдетти ошолор аткарса болбойбу?

-- Акча төлөнбөгөндөн кийин алар отуруп иштечү эмес.

-- Бул суроону берген себебим, азыр коомчулукта “жаңы шайланган депутаттар өткөн чакырылыштагылар баш тарткан привилегияларды кайра талап кылышууда” деген пикир пайда болуп калды...

-- Мурдагы чыкырылыш партиялык тизме боюнча шайланган эле да. Ал эми азыркы чакырылышта болсо депутаттардын бир бөлүгү бир мандаттуу округдардан шайланып келишти. Аларга жер-жерлерде эл менен байланыштырып турчу өкүлчүлүктөр керек. Системанын өзү ошону талап кылууда.

-- Жок дегенде депутат айымдарга кызматтык машинасын кайра берүү керек дегенге кошуласызбы?

-- Бул туура эле сунуш. Себеби, буга чейин мугалим, врач болуп иштеген, өзү машина айдай албаган айым депутаттар бар. Аларга деле кыйын да. Кеңешмеден, комитеттин жыйындарынан сырткары жолугушуулар болот, элдин талабын аткарыш үчүн баарына үлгүрүш керек. Ачыгын эле айталы, алтынчы чакырылыштагылар популисттик кадамдарды жасап, “элге кызмат кылабыз” деген депутаттардын көп мүмкүнчүлүктөрүн чектеп коюшкан... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер