Акыркы кабарлар
» Саясат » Азимбек Бекназаров “экс-президент” деген макамды алып салууну сунуштады
Азимбек Бекназаров “экс-президент” деген макамды алып салууну сунуштады
02-декабрь, 20:40
1 460 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Бүгүн конституциялык кеңешменин "Мамлекеттик бийлик органдары" секциясынын жыйыны өттү. Анда Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси, кеңешменин мүчөсү Азимбек Бекназаров “экс-президент” деген макамды алып салууну сунуш кылды.
Азыркы Башмыйзамдын 69-беренесине ылайык, кызматтан четтетилген мурдагы президенттер Кыргыз Республикасынын экс-президенти деген наамга ээ болушат. Экс-президенттин статусу мыйзам менен белгиленет. Экс-президентке берилчү артыкчылыктар "Президенттин ишмердүүлүгүнүн кепилдиктери жана экс-президенттин макамы тууралуу" мыйзамда жазылган.