Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эмил Токтошев, ЖК депутаты: “Бишкектин бир районуна Айтматовдун атын берели”

Эмил Токтошев, ЖК депутаты: “Бишкектин бир районуна Айтматовдун атын берели”

25-ноябрь, 17:00
565 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Эмил Токтакунович, кечээ бир кесиптешиңиз Бишкек шаарындагы төрт райондун аталыштарын өзгөртүү боюнча маселени кайра көтөрдү. Кандай дейсиз, Ленин, Октябрь, Свердлов, Биринчи Май аталыштары өзгөртүлүүгө тийишпи?

-- Мен алтынчы чакырылышта Жогорку Кеңештин жыйынында ал тууралуу эки жолу айткам. Россиялыктар өздөрү Свердловскини Екатеринбург, Ленинградды Санкт-Петербург деп өзгөртүп алышты. Биз деле өзгөртүп, бир районго Чыңгыз Айтматовдун атын берүүнү айткам. Бирок, тилекке каршы, менин үнүм жеткен жок. Сунушум колдоо таппады. Анда башка бийлик болчу. Кыргызды бүт дүйнөгө тааныткан улуу кишинин атын облустагы бир районго койдук. Эми деле кеч эмес. Өзгөртүп, кыргызча эле аттарды коюш керек. Менин оюм ушу. Буга мыйзам да жол берет. Саясый эрк гана керек. 

-- Өзгөртүүгө эмне тоскоолдук болуп атат?

-- Дале «тиги жакты» карап кылчактап жатат окшойбуз да. Ошол эле болгону. Ошондуктан, бул маселе кайра көтөрүлүүгө тийиш. Төрт райондун тең аттары алмаштырылууга жатат. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер