Бирөөнүн көз жашы менен кантип бактылуу болом?
Эмнеге кеч жолуктуң экен? Же мен сага эмнеге эртерээк жолукбадым? Таанышканыбызга аз убакыт болсо дагы мен сага күндөн-күнгө жипсиз байланып келем. Ал бизди жолуктурган маараке бири-бирибизге атандаштык жаратты, себеби биздин аткарган жумушубуз бир, иштеген иш канабыз эки башка. Бирок ал атандашуу ортодо сүйүү пайда кыларын ойлобогом. Ооба, мен жумуш боюнча бир жагынан конок болуп барсам, сен да мени түштөнүүгө чакырдың, албетте, мен каршылык кылган жокмун. Түштөнүүдөн келип, сен менин ой пикиримди колдоп, жумушта жеңүүмө жардам бердиң, бир жагы таң калсам, бир жагы сүйүндүм. Кеч да кирип кетти, шаарды көрсөттүң, жашоомдо эң сонун күн болду. Бири-бирибизди жакындан тааный баштадык. Эртеси жумушум бүтүп, мен өз шаарыма кеттим. Ошол күндөн бери дос болуп сүйлөшүп келебиз. Бирок достугубуз сүйүүгө айланышы мүмкүн эмес, мен жол бербейм, себеби жакында үйлөнөсүң. Менин бир эле макул болгон сөзүм – түгөйүңдү токтотушу мүмкүн. Ооба өзүмө таң калдым, ушул маалга чейин эч кимди карабагам, анан кантип сени сүйүп калдым? Өзүмдүн бактым үчүн сенден үмүтү чоң, сага жар болом (!) деген кызды уят кылып, бактысыз кыла албайм, бирөөнүн көз жашы менен кантип мен бакытымды кура алмакмын? “Сен мага кеч жолуктуң, бирок баарын оңдоого болот, ал түшүнүктүү кыз” дедиң. “Эгер дос болууну каласаң, сүйүүнү айтпа, мен сени сүйө албайм” дедим. Азыр досбуз, сен бактылуу болууга татыктуусун, бактылуу бол...
Айдай