Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Илгиз Шаменовдун Москвадан кармалышы – Сапар Исаковдун алсыздыгын көрсөттү

Илгиз Шаменовдун Москвадан кармалышы – Сапар Исаковдун алсыздыгын көрсөттү

03-ноябрь, 12:01
907 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Буга чейин Сапар Исаковдун Кремль лөктөрү менен мамилеси жакшы экени маалымдалып келген. Кайтарууга алынып, өзгөчө шартта жашаганы, жеке таасири артып баратканы да божомолдонуп. Саясый элитанын кулагы тикчийип, абай сала калганы да жашыруун эмес эле. Бирок, аз күн мурда Сапар Исаковдун тууганы Илгиз Шаменов Россиядан кармалып, Кыргызстандын орган кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Бул жигит радикалдуу оппозициялык маанайдагы блогер болчу. Бийликке каршылык көрсөтүп, ачуу пикирлери менен соцтармакта таанылып калган. Натыйжада, издөөгө алынган Илгиз Шаменов камакка алынды. Дал ушул жерден кызык маселенин түйүнүн чечип алалы. Эгерде Сапар Исаков Москвада олуттуу фигура болсо, тууганын, тарапташын сактап калмак да, туурабы? Кыялдагы коргонуу камсыздалган жок. Демек, сары баланын дарамети чектелүү, жеке керт башын гана сактап жүргөндөй. Мындай шартта кантип бийликке азуусун көрсөтсүн? Тек гана отурчудай… 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер