Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бекболот Талгарбеков, экс-министр: «Мен Алмазбек Атамбаевди кечирдим»

Бекболот Талгарбеков, экс-министр: «Мен Алмазбек Атамбаевди кечирдим»

19-ноябрь, 12:39
2 759 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Бекболот агай, чет өлкөлүк айрым саясатчы эксперттер Кыргызстандын учурдагы абалын сындап жатышат. Алгач ушул маселени карап, сиздин пикирди уксак?

-- Алардын пикирине кошулбайм. Тилекке каршы, айрымдары чектен чыгып кетишти. Мисалы, Россиянын парламентинин фракция лидери Владимир Жириновскийдин «Кыргызстанда бийлик башына азыр бандит келди» деген сөзү кыргыз элин мазактоого барабар. Садыр Жапаров киши өлтүрүп же каракчылык кылып соттолгон эмес. Ал саясый туткун болгону жалпыга маалым. Жириновскийдин бул мазактоосуна биздин бийлик жооп бере албады. 

-- Дагы кимдердин сындары жакпады?

-- Россиянын эксперттер уюму Кыргызстанды «жараксыз мамлекет» (несостоявшееся государство) деп атап алышты. Борбор Азия боюнча орус эксперти Аждар Куртов «5-октябрдагы жаштардын жеңиши Кыргызстанга жакшылык алып келбеди» деп эсептейт («ИАЦ», 02.11.2020-ж.). Анын пикиринде биздин өлкө отуз жылдан бери «көп векторлуу тышкы саясаттын азабын тартып келүүдө». Анын шовинисттик көз карашына таянсак, анда Кыргызстандын жалгыз өнөктөшү Россия эле болуп, анын гана этегин кармасак, ийгиликке жетишмек экенбиз. Куртов «Кыргызстан тилемчи өлкө болуп, жакырчылыктын жана улутчулдуктун сазына терең батты, андан чыгаары күмөн» деп үшкүрүнөт. Ал эми намысы бийик, духу күчтүү, эркиндикти сүйгөн кыргыз элинин Кыргызстандагы ирип-чириген мамлекеттик башкаруудан кутулуп, жаңы өнүгүү жолуна түшүүгө, өлкөнүн канын соруп келе жаткан саясатчылардан тазаланууга болгон күч-аракетин чет өлкөлүк жарандар жогору баалап, ал гана эмес суктанып жатышканын Куртовго окшогон эксперт сөрөйлөр эсепке алышкысы келбейт. 

Ал эми Россиянын аналитиктер жана эксперттер бирикмесинин төрагасы Сергей Масауловдун шовинисттик көз карашында Кыргызстанды «мамлекет» деп эсептөөгө болбойт. Мындай аныктаманы укканда «деги бизде тышкы иштер министрлиги барбы?» деген суроо туулат. Анан да ал биздин өлкө боюнча экономикалык эксперт да болуп алыптыр. Анын таңуулаган примитивдүү көз караштары ага жооп берүүгө аргасыз кылып жатат. Ал Кыргызстанда жүргүзүлгөн айыл реформасын сындап, «анын натыйжасында майда дыйкан чарбалар пайда болду. Бул – артка кеткендик» деген «гениалдуу» ойлорун айтат. Кыргызстанда Россиядагыдай учу-кыйыры көрүнбөгөн жер жок. Бизде жер аз, ал эми калк жыш болгондуктан бир адамга жерди 50-100 гектардан менчикке бергенге эч мүмкүнчүлүк болгон эмес. Аргасыздан жерлер үлүшкө берилген. Масаулов мыкты адис болсо, анда ошол жаңы кыргыз дыйкандарына кыргыз бийлиги натыйжалуу жардам көрсөтө албай жаткандыгын сындаса жарашмак. Ооба, тилекке каршы, биздин мамлекет соңку жыйырма жылда эркин дыйкандарды үрөн, ветпрепарат, ГСМ, техника менен камсыздоо, алар өндүргөн продукцияны сатып берүү, кайра иштетүү жана экспорттоо көйгөйлөрүн чечип бере албай келе жатат. Ошол себептен кыргыз дыйкандары суукка тоңуп, ысыкка күйүп, кыйынчылыктарды өздөрү жеңип келишүүдө. Кыргызстанда айыл реформасынын социалдык (теңдик), эволюциялык жана гумандык жолу тандалган. Натыйжада, Кыргызстан ийгиликтүү айыл реформасы турмушка ашырылган постсоветтик алты өлкөнүн ичине кирет (бизден башка Литва, Латвия, Эстония, Армения, Грузия өлкөлөрү). Чала сабат эксперт Масауловго айтарыбыз: «Мамлекеттен бир сом дотация албаган жаңы эркин кыргыз дыйкандары өздөрүн эле эмес, жалпы кыргыз элин багып, кыргыз өлкөсүн сактап келе жатышат!». Өзүнүн башындагы төөнү көрбөй, өзгөнүн башындагы чөптү көргөн Масауловго жаңы орус айыл тагдырын да эсине салып коёлу. Өткөн кылымда Россияда жемиштүү эки айыл реформасы турмушка ашкан. Биринчи, улуу реформатор, орус өкмөтүнүн башчысы Петр Столыпиндин 1906-11-жылдары жасаган айыл реформасы «тарыхый» деп аталууга татыктуу. Айыл эли өнүгүү жолуна түшкөн, азык-түлүк импортер өлкө экспортерго айланган. Тилекке каршы, Столыпин 1911-жылы террористтин колунан курман болгон. Орус элинин экинчи жемиштүү айыл реформасы Ленинге тийешелүү. Ал «НЭП (жаңы экономикалык саясат)» деген наам алган (1923-29-жылдар). Дыйкандарга соода эркиндиги берилген, айыл кооперациясы өскөн, айыл жери тынымсыз өнүгүп турган. Бирок Лениндин тактикалык жеңиши социализмди орнотуу стратегиясына дал келбей, НЭПке чекит коюлган. Ал эми жаңы Россиянын айыл тагдыры масштабдуу улуттук катастрофага дуушар болду. Орус жеринде 90-жылдары «жаш реформатор» Анатолий Чубайстын менчиктештирүүсү жүрүп, колхоз-совхоздор негизинен акционердик коомдорго айлантылган. Натыйжада, колхоз-совхоздорду сактаганды мындай кой, орустардын жүз миң айыл-кыштактары жер жүзүнөн жоголду. Жаңы Россиядагыдай айыл чарба талкалануу процесси орус элинин миң жылдаган тарыхында, ошондой эле өткөн кылымдагы граждандык (1917-24-жылдар) жана Улуу Ата мекендик (1941-45-жылдар) согуштарда да болгон эмес. СССР жоюлганда (1991-ж.) Россияда 639 миллион айыл чарба багытындагы жер аянты болгон. Өткөн 29 жылда анын 256 миллион гектары жок болду. Бул аянт Европанын ири мамлекети Франциянын жалпы аянтынан төрт эсеге көптүк кылат экен. Профессор А.Фоминдин айтымында («Московский экономический журнал», 01.2018-ж.), ал 256 миллион гектар жер сазга айланып, эрозияга учурап ж.б. жаратылыш кырсыктарына кабылып, айыл чарба багытындагы категориядан чыгарылган. Бирок, менимче, бир гана «Франция» ошондой акыбалга дуушар болду. Калган үч «Францияны» (ээн калган айыл жерлерин) орустун олигархтары, коррупционерлери сатып алышып, ал жерлерге дворец, особняк, дача, оюн-зоок, соода түйүндөрүн куруп алышкан. Ал эми калган айыл чарба багытындагы 383 миллион гектар жер кандай пайдаланууда? Начар. Экс-премьер, учурда РФ коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев тастыктагандай (РИА Новости, 07.07.2020-ж.), анын 44 миллион гектарын куурай, отоо чөп басып калган. Эгер бизде 1 миллион гектар айдоо аянты бар экенин эске алсак, анда орус жеринде 44 «Кыргызстан» кароосуз жатат. 

Учурда Россияда сугат жана дренаж системасынын 70 пайызы жараксыз абалда. Жаңы Россия бийлиги совет бийлигинин айыл чарба саясатын улантып келүүдө. Мурдагыдай эле тармакка жылына жүз миллиарддаган рубль дотация, кредит бөлүнөт. Алар кайтарылбайт, кийин кечирилет. Орус талааларында «ураалап», ири дотацияга өндүрүлгөн эгиндин болжолу төрттөн бир көлөмү коррупциялык жолдор менен текейден арзан баага Белоруссия жана Казакстанга ташылып кетерин беларусь, казак аграрчылары айтып келишет. Эгерде биз 90-жылдары Чубайсты пир тутуп, орус айыл реформасынын жолуна түшкөндө, анда ушул мезгилде Россияда бир миллион эмес, эки миллион кыргыздар мигрант болуп жүрүшмөк. Кыязы, «Россиядагы жашоо – бул Москва шаарынын тургундарынын жашоосу» деп элестеткен Масаулов аныгында орус айыл эли кыргыз айыл элинен кеминде эки эсе начар турмушта жашаарын билбесе керек. Мына ушундай саясатчы эксперттердин Кыргызстанды мазактоосуна кыргыз бийлиги үн чыгара албаганын көрүп, өткөн жумада орус президенти Владимир Путин ШОСтун саммитинде сүйлөгөн сөзүндө «всякие вмешательства извне во внутренние дела Кыргызстана не допустимы!» деп орус шовинисттеринин тизгинин тартты (Sputnik.kg, 10.11.2020). 

-Учурда негизги саясый маселе президенттик шайлоо болуп жатат. Ага алтымыштан ашык адам аттанды. Башкы талапкер Садыр Жапаровдун жеңип чыгуу мүмкүнчүлүгү канчалык?

-- Мен он жылдан бери 2010-жылы кабыл алынган Башмыйзамга ылайык Кыргызстанда башаламан, чакчелекей, жоопкерсиз, анархиялык мамлекеттик түзүлүш, башкаруу орногонун айтып келе жатам. Президенттик шайлоого алтымыштай адам чыгышы ошол башкаруунун туундусу. Атайы жасалып келаткан иштер. Күнөө талапкер болуп катталышкан инсандарда эмес. Анархиялык системанын шартына ылайык Кыргызстанда баардык жерде, иш-чараларда «бардак» болуп турушу зарыл. Болбосо күрөөсүн төлөгөн, жетиштүү кол топтогон талапкерлерди каттаса болот беле? Жок, көчөдө баратып боршайкомго бир мүнөт кире калган кишини деле талапкер кылып каттап, сөзсүз «цирк» уюштуруш керек да! Ал эми Садыр Жапаровдун башкы талапкер экендиги жалпыга белгилүү. Анын мекенчилдиги, чынчылдыгы жаштардын купулуна толуп турат. Бирок аны мактай бербей, кемчиликтерин да айтып туруш биздин парзыбыз. Эксперттердин баамында, Жапаровдун мамлекетти башкаруу, аны жакшы жолго салуу боюнча көз карашы, позициясы али чийки, жеткиликтүү программасы даяр эмес. Өзгөчө Жапаровдун трайбалисттик сапаты бизди, анын жактоочуларын абдан таңгалдырды. Ал кыска убакытта өз жердештерин, татыктуусун деле, татыксызын деле «талылуу» делген кызмат орундарына тыгып салды. Эми ушуга окшогон кемчиликтерди эске алып, программасын мыктылап элге алып чыкса, анда экинчи турда жеңип чыгууга мүмкүнчүлүк алат. 

-- Өзүңөрдүн, саясый туткундардын акталуу боюнча маселеңер кандай чечилүүдө?

-- Бир аз акыйкаттык орногондой. Жеке өзүм башкы прокурор Курманкул Зулушевге жолугуп, анын ишбилгилигине, адилет позициясына ыраазы болдум. Акталууга ишеним пайда болду. Салыштырсак, мурдагы башкы прокурорлор Индира Жолдубаева, Өткүрбек Жамшитовдор кызматта турганда акыйкаттыкты күндүзү чырак менен издеп таппайт элек да. Саясый туткундар учурда жаңы ачылган жагдайлар боюнча Жогорку сотко арыз менен кайрылдык. 

-- Сиз «Атамбаев – миң жылда бир келген кырсык!» деген сөзүңүз үчүн он төрт жылга соттолуп, анын үч жарым жылын абакта жабык камерада отурдуңуз. Ал көз караштан кайткан жоксузбу? Өч алуу максатыңыз барбы? 

-- Ал көз караштан кайткан жокмун. Менин чындыгымды турмуш тастыктады. Жеке өзүм жигит катары Атамбаевдин зомбулугуна чыдадым, бирок үй-бүлөм, туугандарым далай азап-тозокту баштарынан өткөрүштү. Ал биз үчүн казган орго өзү түштү. Аны биз, саясый туткундар эмес, Жараткан өзү жазалады. Эми Алмазбек Атамбаевге дооматым жок. Мен аны кечирдим. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер