Ош облусун оңдогон Жеңиш Абидов Бишкектин башкы милициясы болсо жарашмак

Президент алгылыктуу иштерди баштап, түндүк-түштүктө иштеген губернатор, мэр, акимдерди ротациялап, тажрыйба алмашууга, жердешчиликтен арылууга өбөлгө түзүп келет. Бул демилге келечекке карай өз жемишин берери талашсыз. Дал ушул жаатта милиция жетекчилерине да ротациялоо жасалса, ИИМдеги жүрүп аткан реформага көрк кошот эле. Маселен, Бишкек ШИИБнин иштей албай жаткан начальниги Азамат Ногойбаевди жумуштан кетирип, ордуна Ош ОИИБнин башчысы Жеңиш Абидовду которуп койсо, эмнеге болбосун? Себеби, акыркы жылдары Жеңиш мырза кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө көзгө көрүнө турган иштерди жасап койду. Баягыдай Ошту байырлаган “бандиттер” көрүнбөйт. “Сицилияга” теңелип калбады беле? Коомдук-коопсуздук абал дагы жөнгө салынган. ИИМге негизинен демөөрчүлүк жардамдарды тарта билет экен. Бул да өзүнчө талант! Мына ушундай ишбилги кадр Бишкек шаарынын башкы милициясы болсо, элестетип көргүлө, кырдаал кыйла эле жакшырмак.
"Азия Ньюс" гезити