Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Февраль айынын башында катар-катар митингдер өтө турганы каңкууланды

Февраль айынын башында катар-катар митингдер өтө турганы каңкууланды

21-январь, 01:19
1 297 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Өткөн жылдын соңунда бейөкмөтчүлөр, активисттер уюштурган нааразычылык акциясына күбө болгонбуз. Андан көп өтпөй эле Садыр Жапаровдун колдоочулары да митинг өткөрүшкөн. Талаптарды коюп, тарап кетишкен болчу.

Ал эми февраль айынын башында бейөкмөтчүлөрдүн жана Садыр Жапаровдун колдоочулары тарабынан кайрадан катар-катар митингдер өтө турганы каңкууланууда. Бул ирет көчөгө чыга тургандардын саны көп болобу? Азыртан даярдык көргөндөрдүн саны өсүп атабы? Түрдүү божомолдор... А баса, курултайчылар да февраль айында жыйын кылышары айтылууда...

Ток этери, жазга карай саясый күчтөрдүн кыймылга келе баштаганын баамдасак, күрөш катуу болору аныкпы? Тынчтык митингдердин аягы чырга айланып кетпейби? Эң башкысы, мамлекетибиз үчүн стабилдүүлүк зарыл. Андыктан, ар кандай маселелер көчөдөн эмес, сүйлөшүү жолдору менен чечилсе...

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер