Бабановдун доору аяктап, “алдаркөсөлүк” арбайына чекит коюлабы?

Кумтөр иши боюнча айыпталып, камакта аз убакыт отурган экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов Москвада дарыланууда. Абактагы айрым саясатчылар сыркоолоп жатышса, кээ бири “Бикард” элиталык клиникасында чартаңбай тебишип, саламаттыгын чыңдашат. Бул жагы да тагдырга байланыштуубу? Мезгил таразаласын! Ал эми Бабановдун өзгөчө макамы бардан бетер, Москвада ден соолугун карап, эс алып жүргөнү – ириде өзүнө гана сокку! Бийликке да сөз тийгизгени жашыруун эмес. “Кызылкулактык”, “сүткорлуктан” саясатка келген адам баары бир жалдырап жатып, “соодалашууну” көркүнө чыгарат тура. Буга чейин БӨТтү коёнго салыштырып келишсе, эми образы, түспөлү андан бетер төмөндөдүбү? “Чымчыкты сойсо да касапчы сойсун” дегендей, коммерсант адамдын чоң саясатка келиши адашуу, аягы трагедия менен бүтөрүн убакыт далилдеп берүүдө. Ушуну менен Бабановдун доору аяктап, “алдаркөсөлүк” арбайына чекит коюлабы?
"Азия Ньюс" гезити