Нобел сыйлыгын алган Хан Ган деген ким?


Кыргызстанда Хан Гандын ысымын Нобель сыйлыгын алгандан кийин көпчүлүк биринчи жолу укту окшойт. Чындыгында бул түштүк кореялык жазуучунун аты 2016-жылы Букер сыйлыгын алгандан кийин чыга баштаган эле. Менимче, Хан Ган америкалык котормочу, жазуучу Дебора Смит экөө натыйжалуу иштешти.
Түштүк Корей жазуучусу 1995-жылы "Йосудагы сүйүү" аттуу биринчи аңгемелер жыйнагын чыгаргандан кийин редакторлук жумушун таштап, биротоло өзүн адабиятка арнап, баш-оту менен чыгармачылыкка сүңгүп кирген. Анын жалгыздыкты, жанчылган жандүйнөнүн азабын, моралдык жоопкерчиликти чагылдырган чыгармалары Кореяда кезинде абдан бааланган.
Хан Ган 2005-жылы иденттүүлүк жана маданий таандыктык маселелерин козгогон "Монгол тагы" аттуу аңгемеси үчүн Кореянын эң жогорку адабий сыйлыктарынын бири болгон “Ли Санг” сыйлыгын алган. Бул ийгилигинин арты менен 2007-жылы Сеул искусство институтунун көркөм адабият бөлүмүнө лектор катары чакырылган.
Анын өмүр таржымалында кызыктуу фактылар арбын. Мисалы, ал атактуу "Эт жебес аял" романын жазып жатканда, компьютерде тамга тере албай, билеги ооруп, көп бөлүгүн кол менен жазыптыр. Кызыгы, роман жазылып бүткөндөн кийин билегинин оорусу тып басылган экен. Муну айрымдар чыгарманын үстүндө иштөөдө жазуучунун психикалык жактан абдан кыйналганы менен байланыштырышат.
Чындыгында "Эт жебес аял" романындагы жандүйнөсү жанчылган келиндин ички жана тышкы азаптуу өзгөрүүсүн кайдыгер окуу кыйын. “Бул чыгармасын Хан Ган Кафкадан таасирленип жазган” деген да пикирлер айтылат. Кафканын "Кубулуу" деген чыгармасында да коңузга айланып калган каарман бар. Анын мындай өзгөрүүсүн жакындары кабыл ала албай, акыры бечараны өлүмгө түртүшөт эмеспи. Чындыгында Кафка Грегор Замзанын макулук болуп кубулганына караганда, анын эң жакын адамдары, ата-энеси, бир тууганы айбанга айланганын көрсөткүсү келген.
Хэнин үй-бүлөсү да анын өзгөрүүсүн кабыл ала албайт. Каардуу ата аны зордоп, “чочконун этин жегизем” дейт, күйөөсү “менин кадыр-баркыма доо кетет” деп изин жашырат, бир тууганы да өзүн алыс качырат. Мындай конфликттүү мамилелер аркылуу жазуучу үй-бүлө жана коом менен жеке адамдын (аялдын) татаал байланышын талдап, аны драмалык жана психологиялык таризде кылдат ачып берет.
Дегеле зомбулук темасы Хан Гандын чыгармаларынын негизги өзөгүн түзөт. Анын 2014-жылы жарык көргөн "Адамдардын жоругу" романы да бар. Анда ал Кванжудагы 1980-жылы ырайымсыз басылып, жүздөгөн жаштар курман болгон, авторитардык режимге каршы чыккан студенттик көтөрүлүштүн тегерегиндеги окуяга кайрылат.
Ал эми жазуучунун жашоосуна келсек, Хан Ган абдан жөнөкөй адам. Нобелди алгандан кийин атасынын (ал да жазуучу) "элге чай берели" дегенине көнбөптүр. Сыйлык алганы боюнча да эч кандай пресс-конференция бергиси келбептир. "Дүйнөдө тынч болбой, жер-жерлерде согуш оту тутанып, адамдардын жаны кыйылып жаткан ушу тапта "сыйлык алдым" деп жар сала албайм" деп медиага чыккандан баш тартыптыр. Муну менен ал өзүнүн чыгармаларында жактаган принциптерине бекем экенин далилдеди.
Хан Гандын мындай чечими дүйнөлүк коомчулуктун көзүндө анын кадырын дагы да арттырды. Дегеле атагы таш жарып атса деле, анын жай турмушун өзгөртпөгөнү, баягыдай эле коомдук транспортто жүрүп, университетинде сабагын берип, кадыресе турмушун кечирип жатканы көпчүлүккө чоң сабак болчудай жагымдуу көрүнүш.
"Азия Ньюс" гезити











