Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Гүлжан Кулмамбетова менен Кыял Шаршеева солкулдаган кыздарга жол бошотпойбу?

Гүлжан Кулмамбетова менен Кыял Шаршеева солкулдаган кыздарга жол бошотпойбу?

12-октябрь, 13:28
5 294 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жаңылыктар интернет желесинен бүт дүйнөгө алеки саатта тарап жаткан кезде, мезгилден артта калган КТРК негизинен маалыматтар менен алектенет. Жергебизде болуп жаткан окуяларды Гүлжан Кулмамбетова, Кыял Шаршеевага окшогон доору өтүп кеткен дикторлор алып барат. 

Президенттин “Инсандын руханий, адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” жарлыгын жүзөгө ашыруу боюнча берүүлөр “Ала-Тоо – 24” каналында гана уюштурулат. Башка каналдарга бул жарлыктын тийешеси жок. Негизинен идеологиянын “мотору” боло турган КТРКны шоубизнестин шайкелең жылдыздары ээлеп алып, жеңил-желпилердин ордосуна айланган. Ааламдашуунун заманында элдин руханий турмушундагы, адабият, маданият жана искусствонун көйгөйлөрүн көтөргөн автордук программалар жокко эсе. КТРКга улуттук саясатты түшүнгөн бир жетекчи келбесе, мамлекеттик идеология аксап, элдин турмушу, экономика, чарба, өндүрүш менен иши жок ырсалактаган шоу жылдыздары доорон сүрө береби? 

Мындай шартта Гүлжан Кулмамбетова менен Кыял Шаршеева эфирге жалаңдай улам чыгышып, ансыз да рейтинги түшкөн берүүлөрдүн ашмалтайын чыгара беришеби? Булардан башка сулуу, жаш, тили жатык кыздар жокпу? Же береги экөө баарын коркутуп, ээлеп алышканбы? Биринин эри олигарх, экинчисиники министр болсо, анан кайдан жол бошотушмак эле? Кыязы, түйүнү чечилбеген суроолор көп. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер